Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
251-берене. Ушул бөлүмдө пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 35-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
Ушул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) салык салынуучу импорт - ушул Кодекске ылайык КНС бошотулган импортту кошпогондо, товардын импорту.
ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товар ташып кирүү алардын төмөнкүлөргө өткөрүп берилишине байланыштуу салык салынуучу импорт болуп саналбайт:
а) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнөн Кыргыз Республикасындагы филиалына же өкүлчүлүгүнө;
б) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеги филиалдан же өкүлчүлүктөн филиалы же өкүлчүлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө;
Товарларды бир юридикалык жактын чегинде өткөрүп берүүгө байланыштуу ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып өтүү, эгерде мындай товарларды ташып кирүү түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жүзөгө ашырылса, салык салынуучу импорт болуп саналбайт.
2) товарларды берүү - товарларды сатуу, товарларга менчик укугун кайтарымсыз берүү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү берүү - акысына жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү;
4) салык салынуучу берүү - бошотулган берүүлөрдү кошпогондо, орду Кыргыз Республикасынын аймагында турган берүү.
Эгер иштетип алма чийки затты ташып чыгуу күнүнөн 24 айдан ашык убакыт өтсө жана кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасына ташып киргизилбесе, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жерде иштетүү үчүн берилген иштетип алма чийки затты ЕАЭБ башка мүчө-мамлекетинин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу салык салынуучу берүүлөргө теңделет.
5) бошотулган берүү - орду Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жайгашкан берүү, ошондой эле ушул Кодекстин 264-беренесинде көрсөтүлгөн берүүлөр.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өкүлчүлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө; кошулду: Товарларды бир юридикалык жактын чегинде өткөрүп берүүгө байланыштуу ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып өтүү, эгерде мындай товарларды ташып кирүү түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жүзөгө ашырылса, салык салынуучу импорт болуп саналбайт. 2) товарларды берүү - товарларды сатуу, товарларга менчик укугун … ошондой эле ушул Кодекстин 264-беренесинде көрсөтүлгөн берүүлөр. кошулду: (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-251" title="251-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>