Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
195-берене. Социалдык чыгарып салуулар
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан ашпаган курактагы адамынын билим алуусуна социалдык чыгарып салууну алууга укуктуу.
2. Билим алууга чыгарып салуунун өлчөмү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мектептик билим берүүгө, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө лицензиясы бар же болбосо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөндүгү жөнүндө кабарлаган Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн жана документтер менен ырасталган суммага барабар, бирок билим алууга чыгарып салууларды эсепке албастан салык төлөөчүнүн салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн - билим алууга чыгарып салууларды эсепке албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууларга салык төлөөчүнүн арызынын жана төлөнгөн чыгымдарды ырастоочу документтеринин негизинде бирдиктүү салыктык декларация берилген учурда укук берилет. Мында чыгарып салууга укук бир гана салык төлөөчүгө берилет.
Социалдык чыгарып салууну алуу тартиби жана Ушул беренеде көрсөтүлгөн документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Эгер социалдык чыгарып салуулардын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чектөөнүн суммасынан ашык болсо, анда мындай ашык сумма кийинки салыктык мезгилдерде чыгарып салууга жатпайт.
5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууга укук "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде билдирген салык төлөөчүлөргө жайылтылат.
Социалдык чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн бирдиктүү салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат. Салык органы социалдык чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде чечим чыгарат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү салык декларациялары салык органы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде жок кылынат. Социалдык чыгарып салууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып жол берилбейт. Ушул бөлүктүн күчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу Тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 токтомуна)Порядок · 30.04.2024 · № 214
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 214 "Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууну алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.04.2024 · № 214
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөЗакон · 06.06.2023 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-195" title="195-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>