Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
187-берене. Салыктык база
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 22-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262
1. Киреше салыгы боюнча салыктык база, эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, салык төлөөчү тарабынан салыктык мезгил үчүн алынган, салык салынбаган кирешенин суммасына кыскартылган жылдык жыйынды кирешенин жана ушул бөлүмдө каралган чегеримдердин ортосундагы айырма катары эсептелген киреше болуп саналат.
2. Эгерде жумуш берүүчү тарабынан иштелген календардык ай үчүн төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү ушул беренеге ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаса, салыктык база орточо айлык эмгек акыга барабар кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга карата бир айдагы орточо айлык эмгек акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.
Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө расмий жарыяланууга тийиш.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары төмөнкү кызматкерлерге төлөнгөн эмгек акы үчүн колдонулбайт:
1) бюджеттик каражаттардын эсебинен;
2) кызматтарды айкалыштыруу боюнча;
3) кенже тейлөөчү персоналга;
4) турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин, кондоминиумдардын, турак жай-курулуш, гараждык, айыл чарба жана багбанчылык-чарбак кооперативдеринин кызматкерлерине;
5) I, II жана III топтогу майыптарга;
6) эркиндигинен ажыратуу жайларында же поселениелерде жаза өтөө мөөнөтүндө иштеген адамдарга.
5. Салык салуу максатында кенже тейлөөчү персоналга кирген кызматкерлердин тизмегин Министрлер Кабинети бекитет.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
6. Толук эмес жумуш убактысы колдонулган учурда кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акы жумуш берүүчү тарабынан төмөнкүлөрдүн иш жүзүндө иштеген мезгилине карата пропорциялуу колдонулат:
1) жумушка жараксыздыгы жана төрөгөндүгү боюнча жөлөк пул алгандардын;
2) толук эмес иш күнүндө иштегендердин;
3) өргүүдө, анын ичинде акы төлөнбөгөн өргүүдө жүргөндөрдүн;
4) кайрадан кабыл алынгандардын же бошотулгандардын, бир ай толук эмес иштегендердин.
7. Кластердин катышуучуларынын кызматкерлери үчүн салык базасы ушул беренеге ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнө барабар кабыл алынат.
Ушул бөлүктө каралган кластердин катышуучуларынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
8. Жеке жактар үчүн киреше салыгы боюнча салыктык база болуп жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызматынын жана курьердик кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн заказ кылуу үчүн колдонулуучу салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алынган түшкөн акча эсептелет.
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 8-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…саналат.
2. Эгерде жумуш берүүчү тарабынан иштелген календардык алынып салынды: айы кошулду: ай үчүн төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү ушул беренеге ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаса, салыктык база алынып салынды: катары орточо айлык эмгек алынып салынды: акынын суммасына жараша эсептелген салыктык база колдонулат.
кошулду: акыга барабар кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки … № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № алынып салынды: 37 кошулду: 37, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 24.07.2023 · № 371
- Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо Тартиби (Кыргыз Республикасынын…Порядок · 23.08.2024 · № 497
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 "Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө…Постановление · 23.08.2024 · № 497
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 24.07.2023 · № 371
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.02.2025 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-187" title="187-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>