Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
158-берене. Салыктык укук бузуу жасаганы үчүн жоопкерчиликке тартуунун жалпы принциптери
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 18-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерден жана тартиптен тышкары салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
2. Эч ким бир жана ошол эле салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн кайрадан жоопкерчиликке тартылбайт.
3. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусун салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу салык төлөөчүнү жана анын кызмат адамдарын тийиштүү негиздер болгондо, ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотпойт.
4. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу салык төлөөчүнү салык милдеттенмесин аткаруудан, ошондой эле ушул Кодекске ылайык туумдун жана салык санкцияларынын тиешелүү болгон суммасын төлөөдөн бошотпойт.
5. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусу төмөнкү учурларда салыктык укук бузууну жасоого күнөөсүз деп таанылат:
1) анын күнөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аныкталбаса;
2) ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык эсептесе;
3) ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу салык органынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык тартипте жана жол-жоболорду сактоо менен аткарса;
4) анын салык төлөөчүнүн же салык агентинин милдеттерин аткаруу боюнча аракеттеринин укук ченемдүүлүгү салыктык текшерүү актысы жана салык кызматынын органынын тиешелүү чечими менен ырасталса.
6. Жоопкерчиликке тартылуучу салык төлөөчү салыктык укук бузууну жасоодо өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.
7. Салыктык укук бузуу фактысы жана анын жасалышына салык төлөөчүнүн күнөөсү жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайды далилдөө милдети салык кызматынын органдарына жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамилелеринин катышуучусу төмөнкү учурларда салыктык укук бузууну алынып салынды: жасагандыгына кошулду: жасоого күнөөсүз деп таанылат:
1) алынып салынды: эгерде анын күнөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аныкталбаса;
2) алынып салынды: эгер ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык эсептесе;
3) алынып салынды: эгерде кошулду: ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу салык органынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык тартипте жана жол-жоболорду сактоо менен аткарса;
4) анын салык төлөөчүнүн же салык агентинин милдеттерин аткаруу боюнча аракеттеринин алынып салынды: мыйзамдуулугу кошулду: укук ченемдүүлүгү салыктык текшерүү актысы жана салык кошулду: кызматынын органынын тиешелүү чечими менен ырасталса.
6. Жоопкерчиликке … жагдайды далилдөө милдети салык кызматынын органдарына жүктөлөт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-158" title="158-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>