Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
101-берене. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөттөрү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 11-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.
2. Салык отчеттуулугун берүүнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.
3. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөттөрүн бузуу ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
4. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык отчеттуулугу төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет:
1) салыктын алдын ала суммасы боюнча салык отчеттуулугун түзгөн учурда - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;
2) бирдиктүү салык декларациясын түзгөн учурда - ушул Кодекстин 106-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдөн кечиктирбестен;
3) бир айга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчеттуулугун түзгөн учурда - отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;
4) бир кварталга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчеттуулугун түзгөн учурда - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;
5) ушул бөлүктүн 1-3-пункттарында каралбаган учурларда - салыктык милдеттенме келип чыккан айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен.
5. Жоюуда жоюу балансын же болбосо бөлүштүрүү балансын же кайра уюштурууда өткөрүп берүү актысын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынган салык мезгилиндеги салык отчеттуулугу уюм тарабынан уюмду кайра уюштурууга же жоюуга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен бирге анын башкаруу органынын жогоруда аталган документтерди бекиткен күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен берилет.
6. Ишти токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жоюу жөнүндө арыз салык органына берилген салык мезгилиндеги салык отчеттуулугу жеке ишкер тарабынан мындай арыз менен кошо берилет.
7. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган салыктык жана/же эсептик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө КНС төлөөчүнүн арызы өзүнө КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды камтыйт.
8. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган документтерди бекитүү тууралуу чечим кабыл алынган жана жеке ишкердин өзүнүн ишин токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызы берилген салык мезгилиндеги салык отчеттуулугу берилгенден кийин салык төлөөчүнүн ишкердик иши салык каттоосу жок иш деп таанылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бирдиктүү салык декларациясын түзгөн учурда - ушул Кодекстин алынып салынды: 107-беренесинде кошулду: 106-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдөн кечиктирбестен;
3) бир айга барабар болгон … келип чыккан айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен.
5. алынып салынды: Бөлүштүрүү кошулду: Жоюуда жоюу балансын алынып салынды: жоюуда жоюу кошулду: же болбосо бөлүштүрүү балансын же кайра уюштурууда өткөрүп берүү актысын бекитүү жөнүндө … салык төлөөчүнүн ишкердик иши салык каттоосу жок иш деп таанылат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-101" title="101-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>