Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Аудит жүргүзүү
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Аудит милдеттүү жана демилгелүү болушу мүмкүн. Аудит ушул Мыйзамга жана аудиттин стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Аудиттин стандарттары, сапатты башкаруу стандарттары, коштоочу стандарттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Аудитордук уюм аудиттин стандарттарына, сапатты башкаруу стандарттарына, коштоочу стандарттарга киргизилген өзгөртүүлөрдү алар жарыяланганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга колдонуп баштаган дата жөнүндө кийин кабарлоо менен колдонууга укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жаатындагы мыйзамдарына ылайык ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири ишкердиктин субъекттери болуп саналгандар ар жылдык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш.
4. Демилгелүү аудит аудиттелүүчү субъекттин же аудиттин башка буйрутмачысынын демилгеси боюнча так милдеттенмелерди, аудиттин мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
5. Аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюм төмөнкүлөрдү текшерет жана эске алат:
1) аудит жүргүзүү үчүн зарыл болгон компетенттүү персоналдын, убакыттын жана ресурстардын болушун;
2) көз карандысыздык жана объективдүүлүк принциптерине шайкештигин;
3) көз карандысыздык үчүн коркунучтун жана бул коркунучту болтурбоо же азайтуу үчүн колдонулуучу коргоо чараларынын бар же жок экендигин.
6. Аудитордук уюмдун аудиттелүүчү субъект же аудиттин буйрутмачысы менен болгон мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн аудит жүргүзүү келишими менен жөнгө салынат. Аудит жүргүзүү келишими жазуу жүзүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган талаптарга карата кошумча түзүлөт, аудиттин максатын жана колдонуу чөйрөсүн камтууга тийиш. Аудит жүргүзүү келишими аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана аудит жүргүзүү келишиминде каралган милдеттенмелер бузулган учурда бузулушу мүмкүн. Бухгалтердик эсептин же аудитордук жол-жоболордун принциптерин колдонуу жагынан пикир келишпестиктер келишимди бузуу үчүн негиз болуп саналбайт.
7. Аудиттелүүчү субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аудитти өз мезгилинде жана толук жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө, аудит жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө, бардык суралган маалыматтарды, зарыл оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) аудитордун жана аудитордук уюмдун иш-аракеттерине кийлигишпөөгө;
3) аудитордун жана аудитордук уюмдун талабы боюнча зарыл маалыматтарды берүү жөнүндө үчүнчү жактарга карата жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар менен кайрылууга жана аудит жүргүзүү келишиминин шарттарын сактоого;
4) маалыматтарды алууга жана аудиттин стандарттары талап кылган көлөмдө мурдагы аудиттин жумушчу документтеринин сереби жеткиликтүү болуусуна көмөк көрсөтүүгө.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
20.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Аудиттин стандарттары, сапатты алынып салынды: контролдоо кошулду: башкаруу стандарттары, коштоочу стандарттар Кыргыз Республикасынын Министрлер … тилдерде жарыяланат. Аудитордук уюм аудиттин стандарттарына, сапатты алынып салынды: контролдоо кошулду: башкаруу стандарттарына, коштоочу стандарттарга киргизилген өзгөртүүлөрдү алар … документтеринин сереби жеткиликтүү болуусуна көмөк көрсөтүүгө.
кошулду: (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 211-т "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун (мындан ары - ЖАК) финансылык отчеттуулугуна көз карандысыз аудит…Распоряжение · 15.04.2022 · № 211-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 19-июнундагы № 290 ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө"…Распоряжение · 19.06.2023 · № 290
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-3" title="3-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>