30-берене. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Тартип комиссиясынын жыйналышында судьяга карата кайрылууну жана тартиптик материалды кароодо жыйналыштын протоколу жүргүзүлөт.
Протоколдо Тартип комиссиясынын курамы, жыйналышты өткөрүү күнү, кайрылууну, өтүнүчтү кароого катышуучу адамдардын келгендиги тууралуу маалыматтар жана аларды кароонун жыйынтыктары, жыйналышка катышуучу адамдардын түшүндүрмөлөрү, ошондой эле кабыл алынган корутунду көрсөтүлөт.
2. Судьялар кеңешинин жыйналышынын протоколуна Тартип комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коёт.
3. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу тартиптик материалга тиркелет.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-30" title="30-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>