31-берене. Кайрылуу жана тартиптик материал боюнча Тартип комиссиясынын корутундусу
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Кайрылууну жана судьяга карата тартиптик материалды кароонун жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясы тарабынан корутунду түзүлөт.
2. Корутунду Тартип комиссиясы тарабынан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Тартип комиссиясынын корутундусу кеңешүү бөлмөсүндө кабыл алынат.
Корутундуга карата өзгөчө пикири бар Тартип комиссиясынын мүчөсү аны жүйөлөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө баяндай алат.
4. Корутундуга Тартип комиссиясынын төрагасы жана тартип комиссиясынын кайрылууну, судьяга карата тартиптик материалды кароого катышкан мүчөлөрү кол коёт.
Корутунду судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн тартиптик материал менен бирге Судьялар кеңешине берилет.
5. Судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу маалымат Судьялар кеңешинин веб-сайтына (веб-баракчага) жарыяланат.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-31" title="31-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>