29-берене. Кайрылууну Тартип комиссиясынын жыйналышында кароо тартиби
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Кайрылуу Тартип комиссиясы тарабынан кызматтык иликтөө аяктаган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен каралат. Ага карата кайрылуу берилген судья жүйөлүү себеп боюнча келбеген мезгил бул мөөнөткө кирбейт.
2. Ага карата кайрылуу берилген судья ишти жабык жыйналышта кароо жөнүндө өтүнгөн учурларды кошпогондо, Тартип комиссиясынын жыйналышы ачык өткөрүлөт.
3. Кайрылууну кароо Тартип комиссиясынын кызматтык иликтөөнү жүргүзгөн мүчөсүнүн маалымкат менен тааныштыруусунан башталат.
4. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам Тартип комиссиясынын жыйналышына катышууга укуктуу.
5. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам жыйналыштын өтүүчү күнү жана орду тууралуу кабарландырылат. Алардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калуусу кайрылууну кароого тоскоолдук кылбайт.
6. Ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Тартип комиссиясы башка адамдарды да угууга, документтерди жана башка материалдарды иликтөөгө укуктуу.
7. Судьянын аракеттеринен кылмыштын белгилери табылган учурда, Тартип комиссиясы тартиптик материалдарды Башкы прокурорго өткөрүп берет.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-29" title="29-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>