91-берене. Оорусу жана кош бойлуулугу боюнча жазаны өтөөдөн бошотуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 15-глава
1. Белгилүү убакытка эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам өкүм (токтом) чыгарылгандан кийин катуу оору жана өкүмдү аткарууга тоскоол болгон оору менен ооруп калганда, медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде жазаны андан ары өтөөдөн сот тарабынан бошотулушу мүмкүн. Мында сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгон адамдын инсандыгын, оорусунун мүнөзүн жана жазанын иш жүзүндө өтөлгөн мөөнөтүн эске алат. Тиешелүү оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Коомдук иштерге же түзөтүү жумуштарына соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда, сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулат. Ошондой эле, эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмү чыгарылгандан кийин билинсе, сот кош бойлуу аялды коомдук иштер жана түзөтүү жумуштар түрүндөгү жазаны андан ары өтөөдөн бошотот. Айып салууга соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулушу мүмкүн. Ошол эле убакта сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгондун инсандыгын жана алган майыптуулугун эске алуу менен анын иш жүзүндөгү жазаны аткаруу мүмкүнчүлүгүн эске алат.
2. Эгерде адам өкүм чыгарылгандан кийин жин оорусу менен ооруп калса, анда сот аны психиатр-дарыгерлердин медициналык комиссиясынын корутундусунун негизинде ушул Кодекстин 16-главасынын жоболорун жетекчиликке алып, жаза өтөөдөн бошотот.
3. Адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулган мезгилдин бир күнү эркиндигинен ажыратуунун медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуунун бир күнүнө барабар болгон жаза мөөнөтү катары эсепке алынат.
4. Тартиптик аскер бөлүгүнө жиберүүгө соттолгон аскер кызматчысы андан ары ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп таанылса, жаза өтөөдөн бошотулат.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-91" title="91-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>