416-берене. Жалдануучулук
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 51-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 161
1. Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу, -
жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу, -
он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган аракеттер:
1) адамдардын тобу;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) балага карата, -
он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Материалдык сый акы алуу же башка кызыкчылык максатында аракеттенген жана куралдуу жаңжалга же согуштук аракеттерге катышып жаткан мамлекеттин жараны болуп саналбаган, анын аймагында туруктуу жашабаган, ошондой эле расмий милдеттерди аткаруу үчүн жөнөтүлгөн адам болуп саналбаган адам жалдануучу деп таанылат.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| 2021-жылдын 22-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
| 1-тиркеме |
Ушул Кодексте колдонулуучу терминдердин мааниси (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эгерде өзгөчө көрсөтмөлөр жок болсо, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелериндеги терминдер төмөнкүдөй маанилерди билдирет:
1. Олуттуу эмес залал - ушул Кодексте каралган кылмыш курамынын белгиси катары көрсөтүлбөгөн учурда, төмөнкү кесепеттер кирет;
1) ден соолуктун кыска убакытка бузулушуна алып келген жеңил жаракат келтирүү;
2) олуттуу эмес материалдык (мүлктүк) зыян келтирүү;
2. Олуттуу залал - төмөнкү кесепеттер кирет:
1) ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү;
2) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндигин бузуу;
3) курчап турган чөйрөнү олуттуу булгоо, ууландыруу же ага зыян келтирүү;
4) олуттуу материалдык (мүлктүк) зыян келтирүү;
5) мамлекеттик органдын, менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун талаптагыдай иштөөсүн узак убакыт бою бузуу;
6) мамлекеттин коопсуздугун бузуу;
3. Оор залал - ушул Кодексте каралган кылмыш курамынын белгиси катары көрсөтүлбөгөн учурларда төмөнкү кесепеттер кирет:
1) бир адамдын, ошого тете эки же андан көп адамдардын ден соолугуна оор залал келтирүү, анын ичинде массалык оорунун (эпидемиянын), оору жугузуунун, нурлануунун же уулануунун натыйжасында залал келтирүү;
2) адамдын иммундук тартыштык вирусун же болбосо башка айыкпас инфекциялык ооруну адамга жуктуруу;
3) адамды узак убакытка (отуз күндөн ашык) эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу;
4) техногендик апааттын, экологиялык кырсыктын же өзгөчө экологиялык кырдаалдын пайда болушу;
5) ири же өзгөчө ири зыян келтирүү, анын ичинде, эпизоотиянын же жаныбарлардын же болбосо өсүмдүктөрдүн массалык кырылуусунун натыйжасында зыян келтирүү;
6) күжүрмөн тапшырманы аткарууну үзгүлтүккө учуратуу.
Оор залалга өзгөчө оор залал да кирет (ушул тиркеменин 3-пунктун караңыз).
4. Өзгөчө оор залал - адамдын өлүмү, анын ичинде жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүсүнүн натыйжасындагы өлүм, ошого тете эки же андан көп адамдын өлүмү.
5. Олуттуу эмес зыян (өлчөм) - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде башкасы белгиленбесе, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он эсе ашкан материалдык (мүлктүк) зыян.
6. Олуттуу зыян (өлчөм) - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде башкасы белгиленбесе, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жүз эсе ашкан материалдык (мүлктүк) зыян.
7. Ири зыян (өлчөм) - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде башкасы белгиленбесе, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан материалдык (мүлктүк) зыян.
8. Өзгөчө ири зыян (өлчөм) - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде башкасы белгиленбесе, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма беш миң эсе ашкан материалдык (мүлктүк) зыян.
9. Бала (балдар) - курагы он сегиз жаш куракка толо элек адам (адамдар).
10. Кызмат адамдары - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук менен бийлик өкүлүнүн функцияларын ишке ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мекемелерде, ишканаларда, мамлекеттин үлүшү бар башка юридикалык жактарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик кошуундарындагы уюштуруу-тескөөчү жана (же) административдик-чарбалык жана (же) контролдук-эсептик текшерүү жана (же) каттоо функцияларын аткаруучу адамдар эсептелет.
Уюштуруу-тескөөчү функциялар кызматы боюнча баш ийген жактарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда турат. Административдик-чарбалык функциялар мүлктү жана акча каражаттарын башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууда турат. Контролдук-текшерүүчү функциялар жеке же юридикалык жактарды текшерүү, ревизиялар боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууда турат. Каттоо функциялары жарандардын жана юридикалык жактардын кыймылдуу жана (же) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын, жарандардын жарандык абал актыларын, ошондой эле мыйзамдарга ылайык катталууга тийиш болгон башка укуктарды каттоодо турат.
11. Бийликтин өкүлү - мыйзамда белгиленген тартипте өзүнө кызматтык көз карансыздыкта же ведомстволук баш ийүүдө турбаган адамдарга карата тескөөчү ыйгарым укуктары берилген адам, ошого тете сот арачысы катары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышуучу адам.
12. Жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адам.
13. Чет өлкөлүк ачык кызмат адамы - чет мамлекет үчүн, анын ичинде ачык ведомство же ачык ишкана үчүн ачык функцияны аткаруучу ар кандай дайындалуучу же шайлануучу адам.
14. Ачык эл аралык уюмдун кызмат адамы - эл аралык жарандык кызматчы же мындай уюм тарабынан анын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укук берилген ар кандай адам.
15. Коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функциясын аткаруучу адам - менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп саналбаган коммерциялык эмес уюмда туруктуу, убактылуу же болбосо атайын ыйгарым укуктары боюнча уюштуруу-тескөөчү же административдик-чарбалык милдеттерди аткаруучу адам.
16. Уурдоо - менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтирүүчү, укукка каршы, күнөөлүүнүн же башка адамдардын пайдасына бөтөн мүлктү акысыз алып (ээлеп) алуу.
17. Турак жай - өзүнө кирген турак жана турак эмес жайлары бар жеке турак үй; менчигинин түрүнө карабастан турак жай фондуна кирген жана туруктуу же убактылуу жашоо үчүн жарактуу турак жай, ошого тете турак жай фондуна кирбеген, бирок убактылуу жашоого арналган башка жай же курулма.
18. Көмүскө жай - жашоого арналган (үй, квартира), ошондой эле ага арналбаган (казино, сауна, массаж кабинети, гараж, сарай, чатыр, жер төлө, каюта, вагон ж.б.), ал жерде аны ыңгайлаштырган, же болбосо аныкташкан уюштуруучулар же аны кармаган же контролдогон адамдар баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун, башка маң кылуучу заттарды туруктуу же болбосо мезгил-мезгили менен мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо же пайдалануу үчүн, кумар оюндарын өткөрүү жана (же) сойкулук кылуу үчүн жай же орун.
19. Шантаж - жабырлануучунун (анын жакындарынын) мүлкүн, же болбосо анын карамагында же коргоосунда турган мүлктү жок кылам же талкалайм деп; жабырлануучуну (анын жакындарын) уурдап кетем же аны (аларды) эркиндигинен ажыратам деп; жаман аттуу кылган маалыматтарды же жабырлануучу (анын жакындары) сыр кылып сактоону каалаган башка маалыматтарды ачыкка чыгарам деп; же башкача түрдө жабырлануучунун (анын жакындарынын) укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектейм деп коркутуу.
20. Жакын туугандар - жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, бир тууган же аталаш-жатындаш ага-инилери жана эже-сиңдилери (карындаштары), чоң атасы, таятасы, чоң энеси, таенеси, неберелери.
20-1. Үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилесинде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамды же баланы же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды баккан адам жана түздөн-түз эмгекке жарамсыз адамдын өзү же жашы жете элек адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилесинде турган же мурда турган адамдардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары.
21. Расмий документ - төмөнкүдөй белгилерге туура келген документ:
1) айрым окуяларды, кубулуштарды же фактыларды ырастоочу же тастыктоочу маалыматтар жазылган ар кандай материалдык алып жүрүүчүлөрдү өзүнө камтыган;
2) укуктарды берүүгө, милдеттерден бошотууга же укуктук мүнөздөгү башка кесепеттерди түзүүгө жөндөмдүү;
3) мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардагы ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан түзүлгөн, берилген же күбөлөндүрүлгөн;
4) мыйзамда белгиленген форманы сактоо менен түзүлгөн жана мыйзамда каралган реквизиттерди камтыган.
22. Өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркутуу - өлтүрөм, ден соолукка оор залал келтирем, адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу болгон айыкпас инфекциялык ооруну жуктурам деп коркутуу, ошого тете зордуктайм же сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасайм деп коркутуу.
23. Билип туруп - аракеттенип жаткан адамдын шек туудурбаган белгилүү бир фактыны, жагдайды ачык сезгендиги.
24. Оюн-зоок жайлары - оюн-зоок-эс алуучу, театралдык-көркөм, спорттук, маданий багыттагы кызмат көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу ишканалары, кинотеатрлар, театралдык-көркөм багыттагы объекттер жана башка имараттар, жайлар, курулмалар.
25. Турак жайга же башка объектиге кирүү - турак жайга же башка объектиге жасалма ачкычты же тоскоолдуктардан өтүүнүн башка каражаттарын колдонуу менен же аларды колдонбостон алдоо, ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен, жасалма документтерди жана башкаларды колдонуу менен кандай гана ыкмада болбосун мүлктү уурдоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамсыз кирүү ж.б.
26. Күжүрмөн жагдай - белгилүү бир убакыт аралыгындагы согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта түзүлгөн факторлордун жана шарттардын жыйындысы.
27. Жараксыз каражат - мында ойлонгон кылмыштуу аракетти эч кандай шарттарда аткарууга мүмкүн болбогон жана каалагандай натыйжаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк бербеген тандап алынган каражат.
28. Коомдук кырсык - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, апааттын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
416-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алынган 1-тиркеме Ушул Кодексте колдонулуучу терминдердин мааниси кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эгерде өзгөчө көрсөтмөлөр жок болсо, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн … (карындаштары), чоң атасы, таятасы, чоң энеси, таенеси, неберелери. кошулду: 20-1. Үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилесинде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамды же баланы же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды баккан адам жана түздөн-түз эмгекке жарамсыз адамдын өзү же жашы жете элек адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилесинде турган же мурда турган адамдардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары. 21. Расмий документ - төмөнкүдөй белгилерге туура келген документ: 1)…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 09.02.2024 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-416" title="416-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>