413-берене. Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин кылмыштуу бузуулар
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 51-глава
Куралдуу жаңжал мезгилинде эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин бузуу:
1) чектен тышкары бүлгүнгө учуратууну же болбосо азап-кайгы алып келүүчү же ылгабай турган аракеттерге ээ деп эсептелиши мүмкүн болгон согуш жүргүзүүнүн каражаттарын жана методдорун колдонуу;
2) жаратылыш чөйрөсүнө кеңири, узакка созулган жана олуттуу зыян келтирүү;
3) коргонуу максатында кызыл кресттин, кызыл жарым айдын жана кызыл кристаллдын айырмалоочу эмблемалары бар персоналга, курулмаларга, жабдууларга жана транспорт каражаттарына кол салуу;
4) кызыл кресттин, кызыл жарым айдын жана кызыл кристаллдын айырмалоочу эмблемаларын кыянаттык менен колдонуу;
5) жарандык калк арасындагы ачкачылыкты согуш аракеттерин жүргүзүүнүн методу катары колдонуу;
6) он сегиз жашка жете элек курактагы адамдарды куралдуу күчтөргө азгырып тартуу же болбосо аларга согуш аракеттерине катышууга уруксат берүү;
7) он сегиз жашка жете элек курактагы адамдарды мамлекеттин куралдуу күчтөрүнөн айырмаланган куралдуу топторго азгырып тартуу же аларды ушул куралдуу топтордун курамында согуш аракеттеринде колдонуу;
8) согуш зарылдыгы болбосо да мүлктү чоң масштабда каалагандай талкалоо же өзүмдүк кылып алуу;
9) корголбогон жерлерди жана демилитаризация кылынган чөлкөмдөрдү кол салуу объекттерине айлантуу;
10) коргоодо турган элдин маданий же руханий мурасы болуп саналган ачык таанымал тарыхый эстеликтерди, көркөм өнөр чыгармаларын же ырым-жырым жасоо жерлерин кол салуу обьектине айлантуу, же болбосо аларды жок кылуу же уурдоо, ошого тете согуш зарылдыгы жок учурда бул баалуулуктарга карата вандализм актыларын жасоо;
11) күчөтүлгөн коргоодо турган маданий баалуулуктарды, же болбосо аларга жакын жайгашкан жерлерди согуш зарылдыгы болбогон учурда согуштук аракеттерди колдоо үчүн пайдалануу, ага тете бул баалуулуктарды же аларга жакын жайгашкан жерлерди кол салуу объекттерине айлантуу;
12) согуш талаасында калган жарадарларды жана каза болгондорду ташып чыгуу, алмашуу же ташуу максатында түзүлгөн жарашуу, согуш аракеттерин токтотуп туруу жөнүндө макулдашууларды же жергиликтүү бүтүмдөрдү бузуу;
13) жарандык калкка же айрым жарандык жактарга кол салуу;
14) мындай кол салуу жарандык калктын арасында көп жоготууларга алып келерин же жарандык объекттерге орчундуу зыян келтирерин билип туруп тандабаган мүнөздө, жарандык калкка же жарандык объекттерге таасир этүүчү кол салууну жасоо;
15) мындай кол салуу жарандык жактар арасында көп жоготууларга алып келерин же жарандык объекттерге орчундуу зыян келтирерин билип туруп коркунучтуу күчтөрдү камтыган түзүлүштөргө же курулмаларга кол салуу;
16) күнөөлүүнүн билип туруп согуш аракеттерине тикелей катышуусун токтоткон адамга кол салуусу;
17) өздүк жарандык калктын бөлүгүн басып алынган аймакка орун котортуу же депортация кылуу, басып алынган аймактын чегинде, же болбосо анын чегинен тышкары жерге бардык калкты же анын бөлүгүн орун котортуу;
18) аскер туткундарын жана жарандык адамдарды репатриация кылууну негизсиз кармап туруу;
19) эл аралык келишимдерде тыюу салынган согуш жүргүзүүнүн башка каражаттарын жана методдорун куралдуу жаңжалда колдонуу, -
он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
413-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-413" title="413-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>