397-берене. Аскердик мүлктү жок кылуу же бузуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 49-глава
1. Куралды, ок-дарыларды, аскер техникасынын буюмдарын же башка аскер мүлкүн жок кылуу же бузуу, -
тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган аракеттер согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ага тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалса, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
397-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-397" title="397-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>