Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
364-берене. Жалган көрсөтмөлөр, эксперттин корутундусу же туура эмес котормо
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 44-глава
1. Адам кылмыш жасады деп шектенүү же айыптоо менен бириктирилген жарандык же болбосо кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө же сотко чейинки өндүрүштө билип туруп берилген күбөнүн, жабырлануучунун жалган көрсөтмөлөрү, же болбосо эксперттин жалган корутундусу же көрсөтмөлөрү, адистик жалган көрсөтмөлөрү, ага тете, билип туруп туура эмес которуу, -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Аткаруу өндүрүшүндө эксперттин билип туруп чыгарган жалган корутундулары же адистин көрсөтмөлөрү, ошого тете билип туруп туура эмес которуу, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге жазаланат. Эскертүү. Эгерде сотко чейинки өндүрүштө же соттук териштирүүдө соттун өкүмү же соттун чечими чыгарылганга чейин берген көрсөтмөлөрүнүн жалгандыгы жөнүндө же билип туруп туура эмес которгондугун билдирсе, күбө, жабырлануучу, же котормочу ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 598 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики…Постановление · 20.12.2018 · № 598 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-364" title="364-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>