320-берене. Зыян келтирүүчү программалык продуктуларды түзүү
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 40-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2022 года № 4
1. Программалык продуктуну пайдалануу, же болбосо жайылтуу максатында түзүү же компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашыруу жана көчүрүү, жок кылуу, бөгөт коюу, өзгөртүү же маалыматтык коргоо каражаттарын нейтралдаштыруу, маалымат тутумдарынын же электр байланыш тармагынын ишин бузуу үчүн алдын ала багытталган иштеп жаткан программалык продуктуларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошого тете ири залал же башка оор зыян келтирүүгө алып келүүчү мындай программалык продуктуларды атайылап пайдалануу жана жайылтуу, -
кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) этиятсыздыктан ири зыян же башка оор залал келтирүү менен;
3) опурталдуу маалыматтык инфратүзүмгө тиешелүү маалымат тутумдарына жана электр байланыш тармактарына карата, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
320-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 2002 года №849 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 13.12.2002 · № 849 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 598 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики…Постановление · 20.12.2018 · № 598 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-320" title="320-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>