282-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 36-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2026 года № 87
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) ири өлчөмдө;
4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, ошого тете баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун балага сатуу, -
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берене боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңгизаттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмеси, ошондой эле алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Ушул беренеде, ошондой эле 283, 284 жана 288-беренелерде каралган кылмышты жасаган, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди өз ыктыяры менен тапшырган жана баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан кылмыштардын ачылышына же бөгөт коюлушуна, аларды жасаган адамдардын кылмыш иштеринин ачылышына же кылмыш жолу менен олжолонгон мүлктүн табылышына активдүү көмөк көрсөткөн адам ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-мартындагы № 56, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 марта 2025 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам противодействия незаконному обороту наркотических средств, психотропных веществ, их аналогов и прекурсоров среди детей и молодежи"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) ири алынып салынды: өлчөмдө, кошулду: өлчөмдө;
4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки … же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-мартындагы № алынып салынды: 56 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 56, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор…Постановление · 09.11.2007 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 16.11.2022 · № 633 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 2002 года №849 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 13.12.2002 · № 849 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.03.2020 · № 134 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-282" title="282-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>