240-берене. Спиртти жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 31-глава
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген спиртти же алкоголдук продукцияларды ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү же сатуу максатында сактоо, ага тете мыйзамсыз өндүрүлгөндөрүн сатуу -
2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -
5000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян алып келген жосундар -
7000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган, юридикалык жактардын жооптуу адамдары тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, -
10000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп жүз жана андан ашык литр спирттин жана алкоголдук продукциянын саны, өзгөчө ири өлчөм деп спирттин жана алкоголдук продукциянын эки жүз жана андан ашык литри таанылат. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
240-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз РеспубликасынынЗакон · 22.07.2024 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 2002 года №849 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 13.12.2002 · № 849 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 598 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики…Постановление · 20.12.2018 · № 598 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-240" title="240-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>