Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
222-берене. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 29-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2026 года № 87
1. Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда эгерде мүлк кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы белгилүү болсо, мүлктүн пайда болуусунун кылмыштуу булактарын жашыруу же жазгыруу же кылмышты жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максатында, жосундар үчүн жоопкерчиликтен четтөө максатында, мүлктү кайра түзүү (конверциялоо) же которуу боюнча ар кандай аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо аркылуу кылмыштуу кирешеге ээлик кылууга, аны пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү түр берүү; же болбосо мүлктүн булагынын чыныгы мүнөзүн, жайгашкан ордун, тескөө же ордун которуу ыкмасын, ошондой эле эгерде кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы белгилүү болсо, мүлккө укуктарды же анын таандыктыгын жашыруу же катуу; же болбосо кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы кылмыш жасоого катышпаган адамга белгилүү болсо, ошол адам тарабынан мүлктү жаап-жашыруу же үзгүлтүксүз кармап туруу; же болбосо эгерде мүлктү алган учурда ал кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы адамга белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу, -
мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -
мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар;
1) уюшкан топ тарабынан;
2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
3) ири өлчөмдө;
4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан сумма таанылат. Ушул беренеде кылмыштуу киреше дел кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же өндүрүп алынган ар кандай экономикалык пайда же мүлк түшүнүлөт. Кандай түрдө болбосун: материалдык же материалдык эмес (сезилген же сезилбеген) мүлк, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ошондой эле банк кредиттерин, жол кире чектерин, банк чектерин, почта которумдарын, баалуу кагаздарды кошуп алганда ушундай мүлккө же ушул мүлктөгү үлүшкө укукту же кызыкчылыкты күбөлөндүрүүчү юридикалык документтер же кандай формада болбосун (кагаз же электрондук формадагы) актылар мүлк деп түшүнүлөт. Ушул берене боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги алардын натыйжасында алынган кылмыштуу кирешелер алынган негизги (предикаттык) кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышына карабастан келип чыгат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…уюшкан топ тарабынан;
2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
3) ири алынып салынды: өлчөмдө, кошулду: өлчөмдө;
4) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү … үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышына карабастан келип чыгат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.03.2020 · № 134 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-222" title="222-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>