Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
162-берене. Баланы порнобизнеске тартуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2026 года № 87
1. Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды же чыгармаларды же мындай буюмдун же чыгарманын көчүрмөсүн даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге баланы тартуу, -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга же чыгармаларга катышуу үчүн аткаруучу катары баланы тартуу, -
мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Өмүрүнө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же аны колдонуу, мүлктү жок кылуу, же зыян келтирүү менен коркунучтуу, шантаж кылуу же алдоо менен жасалган ошол эле жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) ата-эне же баланы тарбиялоо боюнча мыйзам менен милдеттери жүктөлгөн башка адам, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо балдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзам менен жүктөлгөн башка мекеменин кызматкери тарабынан;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) он төрт жашка толо элек балага карата;
5) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;
6) уюшкан топ тарабынан;
7) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
8) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…келтирүү менен;
6) уюшкан топ тарабынан;
7) кылмыштуу коомдоштуктун алынып салынды: курамында, кошулду: курамында;
8) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө … он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9-августундагы № алынып салынды: 89 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 89, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.03.2020 · № 134 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-162" title="162-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>