Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
122-берене. Адам өлтүрүү
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 19-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2026 года № 87
1. Адам өлтүрүү - башка кишинин өмүрүн кыюу, -
сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Адам өлтүрүү:
1) эки же андан ашык адамды;
2) кош бойлуу аялды;
3) алсыз абалдагы адамды же баланы;
4) ошол адам тарабынан кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин аткаргандыгына байланыштуу адамды же анын жакындарын;
5) бейбаштык максатта;
6) көп адамдардын өмүрү үчүн коркунуч келтирүүчү ыкма менен жасалган;
7) өзгөчө мыкаачылык менен;
8) зордуктоо же башка формалардагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолгон;
9) адам уурдоо же болбосо барымтага алуу менен коштолгон;
10) каракчылык, опузалап талап кылуу же террордук акт менен коштолгон;
11) расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык касташуунун (араздашуунун) негизинде жасалган;
12) пайда көздөө максатында же жалдоо менен;
13) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;
14) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн;
15) адамдардын тобу тарабынан жасалган;
16) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;
17) уюшкан топ тарабынан жасалган;
18) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган;
19) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган -
мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…уюшкан топ тарабынан жасалган;
18) кылмыштуу коомдоштуктун курамында алынып салынды: жасалган, кошулду: жасалган;
19) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасалган -
мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз он эки жылдан он беш жылга … менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Правила · 29.07.2024 · № 429
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696…Постановление · 09.10.2015 · № 696 · Күчүн жоготкон
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-122" title="122-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>