119-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 18-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2022 года № 89
1. Кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында, өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга, өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин, эгерде эскирүү мөөнөтү өтпөгөн болсо, же аны кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу үчүн башка негиздер болбосо, сот тарабынан жаза колдонулушу мүмкүн. Эгерде мындай адамга жаза колдонулса, анда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакыт психиатриялык стационарда өткөн бир күндү эркиндигинен ажыратылган бир күнгө эсептөө менен жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет.
2. Балдардын жыныстык кол тийбестигине жана (же) руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасаган, кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин сот тарабынан жаза колдонулат. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакытты эсептөө ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
119-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2022 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө кошулду: 1. Кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында, өзүнүн аракеттеринин … ажыратылган бир күнгө эсептөө менен жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет. кошулду: 2. Балдардын жыныстык кол тийбестигине жана (же) руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасаган, кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин сот тарабынан жаза колдонулат. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакытты эсептөө ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт. (КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 2002 года №849 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 13.12.2002 · № 849 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-119" title="119-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>