Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
97-берене. Шектүүнү кармоонун тартиби
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 12-глава
1. Шектүүнү кармоо жөнүндө токтом ал тергөө органына жеткирилген учурдан тартып чыгарылат. Иш жүзүндө кармалган учурда шектүүгө эмнеден шек саналып жаткандыгы жарыяланышы керек, ошондой эле ага өзүнө каршы көрсөтмөлөрдү бербөө укугу, адвокат алуу укугу, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдан пайдалануу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.
2. Кармоо жөнүндө токтомдо аны түзүүнүн датасы жана орду, токтом түзгөн адамдын кызматы, фамилиясы, аты, шектүүнүн инсандыгы, кармоо учурундагы анын ден соолугунун абалы, иш жүзүндө кармоонун негиздери жана жүйөлөрү, орду жана убактысы (саатты жана мүнөттү көрсөтүү менен) жөнүндө маалыматтар, шектүүгө ушул Кодекстин 44-беренесинде каралган укуктарды түшүндүрүү жөнүндө маалыматтар, жеке тинтүүнүн жана телефон менен сүйлөшүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт.
3. Кармоо жөнүндө токтом шектүүгө жарыяланат жана ага тергөөчү менен шектүү, ошондой эле адвокат шектүүнүн иш жүзүндө кармалган так убактысын көрсөтүү менен кол коюшат.
4. Токтомдун көчүрмөсү кармалганга токтоосуз тапшырылат жана 12 сааттын ичинде прокурорго жиберилет.
5. Иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 45 саат өткөнгө чейин, ал эми шектелген балага карата 21 саат өткөнгө чейин ушул Кодекстин 265-беренесинде каралган тартипте кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн шектүү сотко жеткирилүүгө тийиш.
Издөө жарыяланган адамды кармоодо, кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү талап кылынбайт. Бул учурда адам кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө чейин, ал эми балага карата 24 саат өткөнгө чейин бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн белгилөө же болбосо бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени кароо үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш. Кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү аяктаган кылмыштарды жасоо боюнча шектелген адамдарды кармоого жол берилбейт.
6. Тергөөчү зарыл болгон учурда коргоо тарабынын өтүнүчү боюнча кармалгандарды кармоочу жайларда жаткан шектүүгө медициналык кароо жүргүзүүгө, ал эми зарыл болгон учурда – врачтын жардамын өз убагында (12 сааттан кечиктирбестен) камсыз кылууга милдеттүү.
7. Алгачкы текшерүү органынын же тергөөнүн аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимине карата кармалган шектүүнүн даттануусу кармоочу жайдын начальниги тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүү менен маалыматтарды токтоосуз сотко жөнөтүлөт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 13 сентября 2019 года №16 «О практике применения судами уголовно-процессуального законодательства о проверке…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 45 · № 16 токтомго өзгөртүү киргизетПункттар: п. 29
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 13 сентября 2019 года №16 «О практике применения судами уголовно-процессуального законодательства о проверке…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 45
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-97" title="97-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>