44-берене. Шектүүнүн укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 6-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен берилген.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2024 года № 160
1. Шектүүнүн төмөнкүлөргө укугу бар:
1) өзүнүн эмнеге шектелип жатканын билүүгө;
2) кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомдун, кармоо жөнүндө токтомдун көчүрмөлөрүн алууга;
3) өзүнүн укуктары жөнүндө жазуу жүзүндө түшүндүрмө алууга;
4) өзүн жеке же тандап алынган адвокаттын жардамы менен коргоого;
5) кармаганда бир жолу телефон менен акысыз натыйжалуу жана көзөмөлдөнгөн сүйлөшүүгө;
6) биринчи сурак жүргүзүлгөн учурдан тартып, ал эми кармалганда – иш жүзүндө кармалган учурдан тартып адвокат алууга, тандап алынган адвокаты болбогон учурда – мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга;
7) мыйзамда каралган учурларда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;
8) өзүнүн адвокаты менен саны, узактыгы чектелбеген, тыңшап угуу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда жекеме-жеке жолугушууга;
9) көрсөтмө берүүгө же көрсөтмө берүүдөн баш тартууга;
10) көрсөтмөнү эне тилинде же өзү билген тилде берүүгө;
11) котормочунун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;
111) эгерде көзү азиз болсо, ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;
12) далилдерди келтирүүгө;
13) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;
14) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга, жана алар боюнча протоколго түшүрүлүүчү пикирлерин берүүгө, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн алууга;
15) тергөөчүнүн уруксаты менен анын өтүнүчү же анын адвокатынын же болбосо мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;
16) алгачкы текшерүү органдарынын аракеттерине, тергөөчүнүн, прокурордун аракетине жана чечимдерине даттанууга;
17) иш жүзүндө кармалгандан кийин медициналык кароого жана врачтын жардамына;
18) мыйзамда каралган учурларда, анын ичинде медиация тартибинде жабырлануучу менен элдешүүгө.
2. Шектүү төмөнкүгө милдеттүү:
1) ишти териштирүүнү жүргүзүп жаткан органдын чакыруусу боюнча келүүгө;
11) тергөөчү же сот жибергенде, медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө;
2) тергөөчүнүн, прокурордун талаптарына баш ийүүгө.
3. Шектүү кылмыш ишинин тергөөсүн жүргүзүп жаткан органдын талабы боюнча төмөнкүлөргө кириптер кылынышы мүмкүн:
1) кароого, ошондой эле кармалганда жеке тинтүүгө;
2) врачтык кароого, дактилоскопиядан өтүүгө, фото, видео тартууга;
3) күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;
4) экспертизадан өтүүгө.
4. Биологиялык тегинин үлгүлөрүн (кан, чач, адамдын организиминен бөлүнүп чыккандарды) мажбурлап алуу, мындай үлгүлөрдү алуу инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоо укугун бузуу менен коштолгон учурларды кошпогондо, тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Шектүү ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга ээ болот.
6. Шектүүнү, айыпталуучуну ар бир жолу убактылуу бөлөк кармоочу жайга же камакта кармоочу жайга жеткирүүдө, ошондой эле анын өзүнөн, анын адвокатынан, жакын туугандарынан, жубайынан ага карата алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан зомбулук, кыйноо же катаал мамиле колдонулганы жөнүндө даттануу түшкөндө, тиешелүү документти түзүү менен ал милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү милдети убактылуу бөлөк кармоочу жайдын же камакта кармоочу жайдын администрациясына жүктөлөт.
(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга;
12) далилдерди келтирүүгө;
13) алынып салынды: өтүнүчүн кошулду: өтүнүчтөрдү жана алынып салынды: четтетүүлөрдү кошулду: четтетүүлөрдү, анын ичинде медиация жол-жобосун өткөрүүгө жиберүү жөнүндө билдирүүгө;
14) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө … ишти териштирүүнү жүргүзүп жаткан органдын чакыруусу боюнча кошулду: келүүгө;
11) тергөөчү же сот жибергенде, медиациялык маалыматтык жолугушууга келүүгө;
2) тергөөчүнүн, прокурордун талаптарына баш ийүүгө.
3. … жайдын администрациясына жүктөлөт.
(КР 2024-жылдын 5-августундагы № алынып салынды: 160 Мыйзамынын кошулду: 160, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 13 сентября 2019 года №16 «О практике применения судами уголовно-процессуального законодательства о проверке…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 45
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-44" title="44-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>