Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Ушул Кодексте камтылган негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259
Ушул Кодексте камтылган түшүнүктөр, эгерде мыйзамдарда өзгөчө көрсөтмөлөр болбосо, төмөнкү маанилерге ээ:
1) алгачкы текшерүү органдары - Ушул Кодекске ылайык алгачкы текшерүү иштерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары;
2) апелляциялык инстанция - биринчи инстанциядагы сот тарабынан чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөргө жана токтомдорго, ошондой эле соттук контролдоо тартибинде тергөө судьясы тарабына чыгарылган токтомдорго даттануулар жана сунуштар боюнча кылмыш иштерин кароочу соттук коллегия;
3) арыз ээси - кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартибинде алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго кайрылган адам;
4) атайын тергөө аракеттери - кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө тартылган, кызыкчылыктарына таасирин тийгизе турган жактарга кабарланбастан жүргүзүлгөн жана тергөө аракеттери менен аны аныктоо мүмкүн болбогон учурда, жагдайларды тактоого, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө далилденүүгө тийиш болгон маалыматтарды алууга багытталган аракеттер;
5) атайын билимдер - сотко чейинки өндүрүштө жана сотто кылмыш ишин кароодо маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатындагы кесипкөй билимдер жана жөндөмдөр;
6) айыптоочу тарап - прокурор, тергөөчү, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, алгачкы текшерүү органы, жабырлануучу, анын өкүлү, мыйзамдуу өкүлү, жеке айыптоочу;
7) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери - алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура, сот органдарында жана жазаны аткаруу мекемелеринде балдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адам;
8) балдар иштери боюнча адистешкен тергөөчү, прокурор, судья - балдар үчүн юстиция маселелери боюнча кошумча адистештирилген окуудан өткөн жана мыйзам менен келишпестикке барган балага, жабырлануучу жана күбө болгон балдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы;
9) балдардын иштери боюнча адистешкен адвокат - мыйзам менен келишпестикке барган балага, жабырлануучу жана күбө болгон балдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө коргоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу, балдар үчүн юстиция маселелери боюнча кошумча адистештирилген окуудан өткөн адвокат;
10) биринчи инстанциядагы сот - соттук отурумунда иштин жагдайларын түздөн-түз изилдөөгө, аныктоого жана ал боюнча тиешелүү чечимди чыгарууга ыйгарым укуктуу райондук жана ага теңештирилген шаардык сот;
11) бөгөт коюу чарасы - айыпталуучуга карата тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, сот тарабынан колдонулуучу адамдын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөчү чара;
12) вердикт - айыпталуучунун күнөөлүүлүгү же күнөөсүздүгү жөнүндө негизги маселени кошуп алганда, анын алдына коюлган маселелер боюнча сот арачылар коллегиясынын чечими;
13) даттануу - кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучулары тарабынан алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, соттун чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндө (же) электрондук формада (колтамга коюлган же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн) берилген каршы пикир;
14) документ генерациясы - Кылмыштардын бирдиктүү реестринде камтылган шаблондордун негизинде автоматтык түрдө документтерди түзүүгө мүмкүндүк берүүчү электрондук операция;
15) кылмыш-жаза сот өндүрүшү - сотко чейинки жана сот өндүрүшү;
16) жабырлануучу-бала - 18 жашка чыга элек, кылмыш менен дене боюна, моралдык жана (же) материалдык зыян келтирилген жак;
17) адамды өткөрүп берүү - берилүүгө тийиш болгон адам суратуучу мамлекеттин территориясында кылмыш жасаган жана аны суратылган мамлекеттин жазык мыйзамдары боюнча тааныган шартта жазыктык куугунтуктоо жана өкүмдү аткаруу үчүн адамды бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүп берүү;
18) жакты камакта убактылуу кармоо - изделип жаткан адамды чет мамлекетке өткөрүп берүү (экстрадициялоо) максатында суроо-талап келип түшкөнгө чейин, ага карата чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды убактылуу камакка алуу жөнүндө чечимин аткаруу боюнча сот тарабынан колдонула турган камсыз кылуу чарасы;
19) жакын туугандар - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, бир атадан жана бир энеден тараган жана атасы же энеси бөлөк болгон ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, чоң эне, таята, таене, неберелер;
20) жеке аныктама - иш боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча чараларды көрүүнү талап кылуу менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, уюмдардын жана башка кызмат адамдарынын көңүлүн буруу жөнүндө тергөө судьясы, судья, сот тарабынан чыгарылуучу чечим;
21) издөө чаралары - тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун тапшыруусу боюнча алгачкы текшерүү органы тарабынан аткарылуучу сотко чейинки өндүрүш органынан жана соттон жашырынып жүргөн жана (же) кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качкан адамдын жүргөн жерин, дайынсыз жоголгон адамдарды, иш үчүн мааниси бар буюмдарды жана документтерди аныктоого багытталган чаралар;
22) иш жүзүндө кармоо - жүрүү эркиндигин кошуп алганда белгилүү жерде кармалган адамдын иш жүзүндө эркиндигинен ажыратуу же чектөө, мажбурлап кармап туруу, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарына мажбурлап жеткирүү учуру (кармоо, бөлмөгө жабуу, бир жерге барууга же ордунда калууга мажбурлоо жана ушул сыяктуу), ошондой эле кармалган адамга кандайдыр бир процессуалдык статус берилгенин же башка формалдуу жол-жоболорду жүзөгө ашырганына карабастан, көрсөтүлгөн чектөөлөр анык болгон анын убактысын көрсөтүү менен адамдын жеке эркиндигин олуттуу чектеген башка аракеттер;
23) кассациялык инстанция - апелляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрүнө жана аныктамаларына кассациялык даттануулар, сунуштар боюнча иштерин караган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) соттук коллегиясы;
24) коргоо - кылмыш-жаза процессине тартылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында адвокат тарабынан жүзөгө ашырылуучу процессуалдык иш;
25) коргоочу тарап - шектүү, айыпталуучу, соттолгон, акталган, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү, адвокат, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адам;
26) күбө бала - 18 жашка толо элек, ага кылмыш иши боюнча белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмө берүү үчүн чакырылган адам;
27) күбөнүн жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлөө - сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө соттук далилдерди алдын ала камсыз кылуу (сактоо) максатында тергөө судьясы тарабынан тараптардын биринин өтүнмөсү боюнча күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу;
28) күбөлүк иммунитет - өзүнө жана өзүнүн жакын туугандарына, күйөөсүнө (жубайына), ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда каршы көрсөтмө бербөөгө адамдын укугу;
29) күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу - ушул Кодекске ылайык прокурор менен айыпталуучунун ортосунда түзүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
30) кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам жөнүндө суроо-талап - эл аралык келишимдин жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган, кылмыш иши боюнча белгилүү процессуалдык аракеттерди жүргүзүү өтүнүчү менен чет мамлекеттин компетенттүү органынын же кызмат адамынын дарегине жөнөтүлүүчү документ;
31) Кылмыштардын бирдиктүү реестри - сотко чейинки өндүрүштүн башталышы, процессуалдык аракеттер жана чечимдер, ишинин кыймылы, арыз ээлери жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтарды киргизүүчү маалыматтардын электрондук базасы;
32) кылмыш куугунтугу - шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш жасаганын ашкерелөө максатында айыптоочу тарап жүзөгө ашыруучу процессуалдык иш;
33) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу - баланын өсүүсүнө, укуктук маданиятын жана укуктук тарбиясын жогорулатууга, кылмыштын кайрадан жасалышына жол бербөөгө көмөктөшүүгө багытталган, кылмыш жасаганы үчүн кылмыш куугунтугуна альтернативдүү жол-жобо;
34) мамлекеттик айыптоочу - кылмыш иши боюнча сотто мамлекеттин атынан айыптоону колдоочу прокурор;
35) медиация - медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү алдында, алардын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максаттарында кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын ортосунда кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жөнгө салуунун ыктыярдуу жол-жоболору;
36) медиатор - медиация жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген, медиация жүргүзүүдө кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тараптарына жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жеке жак;
37) менчигинде же башка укукта турган башка объект - менчик же башка укукта турган транспорт каражаты, жер участогу, гараж, турмуш-тиричилик, кызматтык, чарбалык, өндүрүштүк же башка багыттагы башка курулма же жай;
38) мыйзам менен келишпестикке барган бала - иш боюнча шектүү, айыпталуучу, соттолгон болуп саналган 18 жашка чыга элек адам;
39) мыйзамдуу өкүлдөр - шектелген, айыпталуучу баланын же жабырлануучу баланын, күбө баланын ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү, алар көзөмөлүндө турган мекеменин же уюмдун, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;
40) өкүлдөр - мыйзамдын же макулдашуунун күчүнө ылайык жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө ыйгарым укуктуу адамдар;
41) өкүм - айыпталуучунун күнөөлүү эмеси же күнөөлүү экени жана ага жаза дайындоо же болбосо аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө биринчи же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылуучу чечим;
42) пробациялык баяндама - инсандыгын, социалдык-турмуш-тиричилик шарттарын жана кылмыш жасоого өбөлгө болгон башка жагдайларды изилдөөнүн негизинде айыпталуучунун социалдык-психологиялык портрети жөнүндө пробация органдарынын корутундусу;
43) прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор), анын орун басарлары, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору, райондук (шаардык) прокурорлор, аскер прокурорлору жана райондук (шаардык) прокурорлорго теңдештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу жана тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон прокуратура органдарынын башка кызмат адамдары;
44) процессуалдык аракеттер - ушул Кодексте каралган тергөө, соттук же башка аракеттер;
45) процессуалдык чечимдер - кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан органдардын өз компетенцияларынын чегинде чыгарган жана ушул Кодексте аныкталган формада чагылдырылган кылмыш-жаза процессуалдык укукту колдонуу актылары;
46) реабилитация - мыйзамсыз же негизсиз кылмыш куугунтугуна алынган адамдын укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүү жана ага келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу тартиби;
47) реабилитацияланган - мыйзамсыз же негизсиз кылмыш куугунтугуна байланыштуу келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга укугу бар жак;
48) реплика - соттук отурумда тараптардын жарыш сөздөргө катышуучусунун башка катышуучулардын сүйлөгөн сөзүнө карата сын-пикири;
49) санариптик маалымат - кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарда сакталган жана жүгүртүлгөн жана аларды андан ары сотко чейинки өндүрүштө далилдөө үчүн пайдаланылуучу санариптик маалыматтар;
50) сотко чейинки өндүрүш - Кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүлөрдү каттоодон, тергөөгө чейинки текшерүүдөн, прокурор тарабынан иштин материалдарын маңызы боюнча кароо үчүн сотко жиберүүдөн турган кылмыш-жаза сот өндүрүшү;
51) сот - бардык сот инстанцияларында кылмыш иштери боюнча сот адилеттигин, соттук контролду жүзөгө ашыруучу, ошондой эле өзүнүн компетенциясына кирген башка маселелерди чечүүчү орган;
52) сот арачысы - мыйзамда белгиленген тартипте сот арачыларынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген жана кылмыш ишин кароого катышууга тандалып алынган Кыргыз Республикасынын жараны;
53) сунуштама - ушул Кодексте белгиленген тартипте сот актысына карата киргизилген прокурордун чара көрүү актысы;
54) тергөө бөлүмүнүн жетекчиси - тиешелүү тергөө бөлүмүнө башчылык кылган кызмат адамы, ошондой эле анын орун басары;
55) тергөө (териштирүү) - Кылмыштардын бирдиктүү реестрине иштин кыймылы жана процессуалдык чечимдер тууралуу маалыматтарды киргизүү менен кылмыш иши козголгон учурдан тартып прокурор тарабынан ишти маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөткөнгө чейинки кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн баскычы;
56) тергөөчү - сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы;
57) тергөө аракеттери - иш үчүн мааниси бар маалыматтарды топтоо жана изилдөө боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте тергөөчү, прокурор тарабынан жүргүзүлүүчү аракеттер;
58) тергөө судьясы - айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттеринин (аракетсиздигинин) жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья;
59) тергөөгө чейинки текшерүү - Кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү катталган учурдан тартып кылмыш ишин козгоо же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин сотко чейинки өндүрүш баскычы;
60) турак жай - жашоого ылайыктуу жана ага ылайыксыз жайлары бар жеке турак үй, менчигинин түрүнө карабастан турак жай фондуна кирген жана туруктуу же убактылуу жашоо үчүн пайдаланылуучу турак жай, ага тете эле турак жай фондуна кирбеген, бирок убактылуу жашоо үчүн пайдаланылуучу башка жай же курулма;
61) түнкү убакыт - саат 22.00дөн 06.00 саатка чейинки убакыт аралыгы;
62) токтом - өкүмдү кошпогондо, кылмыш иши боюнча өндүрүштө судья (сот) тарабынан чыгарылган чечим; тергөө судьясынын чечими; мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү сот актысын кайра кароодо Жогорку сот чыгарган сот актысы; тергөөчүнүн, тергөө органынын жетекчисинин, прокурордун сотко чейинки өндүрүштө чыгарылган чечими;
63) төрагалык кылуучу - кылмыш ишин коллегиалдык кароодо соттук отурумуна жетекчилик кылган судья, ошондой эле кылмыш-жаза ишин жекече караган судья;
64) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүү - бир мамлекеттин соту тарабынан соттолгон адамды жазасын андан ары өтөө үчүн ал жараны болуп саналган же анын аймагында туруктуу жашаган башка мамлекетке өткөрүп берүү;
65) эксперттик уюм - экспертизаларды уюштуруу жана жүргүзүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
66) элдешүү жөнүндө макулдашуу - кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын ортосундагы өз алдынча же медиатордун жардамы менен жетишилген жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
67) электрондук документ - маалымат электрондук-санариптик формада берилген жана электрондук санариптик колтамга аркылуу ырасталган документ;
68) электрондук иш - электрондук-санариптик формада жүзөгө ашырыла турган, кылмыш катталгандан тартып тергөөгө чейинки текшерүүнүн, тергөөнүн, соттук териштирүүнүн жана жаза аткаруунун кыймылын билдирүүчү, тиешелүү ведомстволук маалыматтык тутумдардын маалыматынан түзүлгөн, кагаз түрүндө процессуалдык документтер менен иштегенге мүмкүнчүлүктүү, электрондук колтамга аркылуу ырасталган, Кылмыштардын бирдиктүү реестринде топтолгон кылмыш-жаза сот өндүрүшү;
69) электрондук алып жүрүүчү - эсептөөчү техникалык каражаттардын жардамы менен иштетилүүчү маалыматты жазуу, сактоо жана кайра чыгаруу үчүн пайдаланылуучу тышкы мобилдик материалдык түзүлмө;
70) экстрадициялык камакка алуу - чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды камакка алуу жөнүндө чечимин аткаруу үчүн чет мамлекетке өткөрүп берүү (экстрадициялоо) максатында, өткөрүп берүү жөнүндө чет мамлекеттин суроо-талабы келип түшкөндөн кийин издөөдөгү адамга сот тарабынан колдонулуучу камсыз кылуу чарасы;
71) экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъект - мыйзамда белгиленген тартипте катталган жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокелчилиги жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда табуу максатында мыйзамдарда тыюу салынбаган ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
72) юридикалык жак - менчигинде, чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ошол мүлкү менен жооп берген, өз атынан мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алган жана жүзөгө ашырган жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алган уюм.
73) видеоконференция байланышы - аудио жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыштын сеансы;
74) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - пайдалануучулардын чектелбеген саны үчүн түз эфир режиминде телевидение, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет тармагында маалыматты жайылтуу жана берүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 19-майындагы № 96, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 декабря 2023 года № 209 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2015 · № 431 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>