475-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 54-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткарбаган учурда ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар аткарбоонун себептерин аныктоого жана баланын аларды аткаруусу боюнча толук чараларды колдонууга милдеттүү.
2. Келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар бул тууралуу прокурорго жазуу жүзүндө маалымдайт.
3. Прокурор баланын жана ушул Кодекстин 468-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын түшүндүрмөлөрүн угууга милдеттүү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди күчүндө калтырууга же жокко чыгарууга укуктуу.
4. Колдонулуучу чараларды өзгөртүү же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартуу прокурордун көрсөтмөсүнүн негизинде тергөөчүнүн токтому менен жүргүзүлөт.
5. Колдонулуучу чаралар өзгөртүлгөн же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин мөөнөтү узартылган учурда тергөөчү кошумча макулдашууну түзөт.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда балага карата сотко чейинки өндүрүш жалпы тартипте жүргүзүлөт.
7. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда аны кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткаруу боюнча бала тарабынан көрүлгөн иш-аракеттер өкүм чыгаруу процессинде эске алынат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
475-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-475" title="475-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>