473-берене. Милдеттенмелерди жүктөө
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 54-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259
1. Келишимде белгиленген мөөнөттө балага төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн:
1) айрым жерлерге барууга;
2) жашаган жерин өзгөртүүгө;
3) белгилүү бир убакытка чейин үйдөн кетүүгө;
4) айрым адамдар менен баарлашуудан алыс болууга;
5) эс алуунун айрым түрлөрүн колдонууга;
6) анын кайра социалдашуусуна тоскоол болгон бардык башка аракеттерге.
2. Бала келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен билим берүү мекемесинде окууну баштоого же улантууга;
2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен ишке орношууга;
3) билим берүү программасынан жана (же) медициналык дарылоо программасынан өтүүгө;
4) бош убакытты белгилүү бир тартипте пайдаланууга;
5) анын кайра социалдашуусуна жана кылмышты кайрадан жасоого жол бербөөгө өбөлгө түзгөн башка милдеттенмелерди аткарууга.
Баланын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү анын ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, балдар иштери боюнча комиссияга, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, пробация, ишке орноштуруу органдарына, балдарды коргоо боюнча органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүктөлөт. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
474- берене. Кепилдикке өткөрүп берүү
1. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү – бул баланын кызыкчылыгына каршы келген учурларды кошпогондо, ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чыгаруу программасын ишке ашыруу боюнча милдеттерди жүктөө.
2. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү чыгаруу программасын аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин тарабы катары чыгууга даяр башка адамдарга жана уюмдарга жүктөлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
473-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 37 "Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз…Постановление · 29.01.2026 · № 37
- Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн ТАРТИБИПорядок · 29.01.2026 · № 37
- КР Министрлер Кабинетинин 29.01.2026-ж., № 37 токтомуПостановление · 29.01.2026 · № 37
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-473" title="473-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>