403-берене. Даттануу же сунуш берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 46-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2024 года № 75
1. Даттануу же сунуш берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептен улам өткөрүлүп жиберилген учурда даттануу же сунуш берүүгө укуктуу адамдар өкүм, ошондой эле башка сот чечимин, тергөө судьясынын токтомун чыгарган сотко өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч билдире алышат. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч соттук отурумда өкүмдү, башка соттук чечимди чыгарган судья, токтомду чыгарган тергөө судьясы тарабынан каралат, ал түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн өтүнүч менен кайрылган адамды чакырууга укуктуу.
2. Өкүмгө апелляциялык даттануу же сунуш берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч сот тарабынан чечим чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө берилиши керек, башка соттук чечимдерге, тергөө судьясынын токтомуна чечим чыгарылган күндөн баштап 1 айдан кеч эмес мөөнөттө берилиши керек.
3. Сот төмөндөгүдөй шарттарда апелляциялык даттанууларды берүүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирет:
1) соттук отурумдун протоколу өз учурунда даярдалбаганда;
2) соттук актынын көчүрмөсүн сот өндүрүшүнүн тилин билбеген иштин катышуучусуна котормосуз тапшырганда;
3) соттук актынын корутунду бөлүгүндө даттануунун мөөнөтү так эмес көрсөтүлгөндө.
4. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү арызын канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө судьянын, соттун токтому апелляциялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн, ал токтомду жокко чыгарууга жана берилген даттанууну жана сунушту маани-маңызы боюнча кароого же ушул Кодекстин 406-беренесинде каралган талаптарды аткаруу үчүн даттанылган соттук актыны чыгарган сотко кайтарууга укуктуу.
5. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
403-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2024 года № 75 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…калыбына келтирүү арызын канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө алынып салынды: судьянын кошулду: судьянын, соттун токтому апелляциялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн, ал … жана сунушту маани-маңызы боюнча кароого же ушул Кодекстин алынып салынды: 417-беренесинде кошулду: 406-беренесинде каралган талаптарды аткаруу үчүн даттанылган соттук актыны чыгарган сотко кайтарууга укуктуу.
кошулду: 5. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2024 · № 75
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-403" title="403-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>