Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
397-берене. Апелляциялык даттануу укугу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 46-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 12 июня 2023 года № 118
1. Ушул главанын талаптарына ылайык соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөрү, ошондой эле биринчи инстанциядагы башка соттук актылар тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
2. Сот чечимине даттануу укугу айыпталуучуга, акталганга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө өндүрүш жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адамга, алардын адвокаттарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө, мамлекеттик айыптоочуга же жогору турган прокурорго, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле мүлкү камакка алынган адамдарга, даттанылып жаткан соттун чечиминин алардын мүлктүк укуктарына тиешелүү болгон бөлүгүндө башка адамдарга таандык.
Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адам соттун чечиминин материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүн даттанууга укуктуу.
3. Биринчи инстанциядагы сотто айыптоону колдогон прокурор ар бир мыйзамсыз жана негизсиз соттук актыга сунуш киргизет.
4. Тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, адвокаттарга, прокурорго, жабырлануучуга, анын мыйзамдуу өкүлүнө, өкүлүнө жана адвокатына, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 12-июнундагы № 118, 2026-жылдын 24-июлундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-397" title="397-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>