Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
354-берене. Айыптоо өкүмүнүн корутунду бөлүгү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 44-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 117
1. Айыптоо өкүмүнүн корутунду бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) айыпталуучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты;
2) айыпталуучу кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылгандыгы тууралуу чечим;
3) айыпталуучу күнөөлүү деп табылган Кылмыш-жаза кодексинин беренеси, бөлүгү, пункту;
4) айыпталуучу күнөөлүү деп табылган ар бир жасалган кылмыш үчүн айыпталуучуга дайындалган жазанын түрү жана өлчөмү;
5) Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин негизинде өтөлүүгө тийиш болгон акыркы жаза чарасы, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам жазасын өтөй турган түзөтүү мекемесинин түрү;
6) пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууда пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн узактыгы, ошондой эле соттолгон адамга жүктөлүүчү контролдук талаптар жана пробациялык милдеттер, анын ичинде пробация органына келип туруу милдети;
7) атайын, аскердик, ардактуу наамынан же класстын ченинен ажыратуу, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу чечим;
8) эгерде айыпталуучу өкүм чыкканга чейин кармалган болсо же ага карата камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган болсо, же ал психиатриялык мекемеде жайгаштырылган болсо, камакта кармоо убактысын эсепке алуу тууралуу чечим;
9) өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы тууралуу чечим;
91) эгерде колдонулган болсо, кызмат ордунан убактылуу четтетүү чарасы жөнүндө чечим;
10) конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө чечим;
11) материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу жөнүндө чечим;
12) өлкөдөн чыгарып жиберүү жөнүндө чечим.
2. Эгерде айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси боюнча айыпталып жатса, өкүмдүн корутунду бөлүгүндө айыпталуучу алардын кайсынысы боюнча акталгандыгы жана кайсынысы боюнча соттолгондугу так көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Айыпталуучу жаза өтөөдөн бошотулган учурда же жаза дайындабастан өкүм чыгарылган учурда бул тууралуу өкүмдүн корутунду бөлүгүндө көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чейин айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы тууралуу чечим; кошулду: 91) эгерде колдонулган болсо, кызмат ордунан убактылуу четтетүү чарасы жөнүндө чечим; 10) конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө … учурда бул тууралуу өкүмдүн корутунду бөлүгүндө көрсөтүлөт. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-354" title="354-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>