279-берене. Алдын ала угууну өткөрүүнүн негиздери
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 39-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 октября 2026 года № 148
1. Алдын ала угуу төмөнкүлөр боюнча өткөрүлөт:
1) өзгөчө оор кылмыштар боюнча;
2) жол берилбей турган далилдерди алып салуу жөнүндө тараптардын өтүнүчү болсо;
3) ишти токтотуп туруу же кыскартуу үчүн негиздер болсо;
4) ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте соттук териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө тараптардын өтүнүчү болсо;
5) кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен сотто кароо жөнүндө маселени чечүү үчүн;
6) бөгөт коюу чарасын өзгөртүү, судьяларды четтетүү, ишти токтотуп туруу же кыскартуу жөнүндө билдирилген өтүнүчтөр тууралуу маселени чечүү үчүн.
2. Алдын ала угууну өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү тарап иш сотко келип түшкөн күндөн тартып 3 сутканын ичинде билдириши мүмкүн.
3. Тараптарды соттук отурумга чакыруу жөнүндө кабарлама ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча алдын ала угуу өткөрүлүүчү күнгө чейин 3 суткадан кем эмес убакытта жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Алдын ала угуу иш сотко келип түшкөн күндөн тартып 10 суткадан кечиктирилбестен, өзгөчө учурларда 15 суткадан кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
5. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысынын жокко чыгарылган жана ишти сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн прокурорго же жаңы соттук териштирүү жүргүзүү үчүн сотко өткөрүп берген учурларды кошпогондо, алдын ала угуу кайталап өткөрүлбөйт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
279-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"Редакцияларды салыштыруу
06.10.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүмкүн.
3. Тараптарды соттук отурумга чакыруу жөнүндө кабарлама кошулду: ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча алдын ала угуу өткөрүлүүчү күнгө чейин 3 алынып салынды: сутка калганда кошулду: суткадан кем эмес убакытта жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Алдын ала угуу иш сотко келип түшкөн күндөн … берген учурларды кошпогондо, алдын ала угуу кайталап өткөрүлбөйт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-279" title="279-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>