Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
282-берене. Соттук отурумга чакыруулар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 39-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Судья соттук процесстин катышуучулары болуп саналган адамдарды соттук отурумга чакыртуу жөнүндө тескемени айыптоо жана жактоо тараптарына берет, ошондой эле соттук отурумду даярдоо боюнча башка чараларды көрөт.
2. Адамдардын келүүсүн айыптоо жана жактоо тараптары камсыз кылат. Бул адамдар жүйөлүү себептерсиз келбеген учурда, алып келүүнү сот приставдары жүзөгө ашырат.
3. Ишке катышып жаткан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт: СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш, электрондук почта же тиешелүү кабарлоо жөнөтүлгөндүгүн жана даректелүүчү тарабынан алынгандыгын жазууга мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациянын башка ушул сыяктуу формалары аркылуу. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо соттун чакыруусу менен жүргүзүлөт.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-282" title="282-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>