520-берене. Укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөй турган учурлар
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 54-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 октября 2025 года № 233
1. Ушул Кодекстин 21-главасында каралган жана автоматтык режимде иштеп турган фото жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен түшүрүлгөн укук бузуулар аныкталган учурда укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом укук бузуулар жөнүндө өндүрүш ачылган адамдын катышуусу жок чыгарылат жана ушул Кодекстин 539-беренесинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат.
2. Автоматтык режимде иштеп жаткан фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдарды тиркемеси менен, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын электрондук кол тамгасы менен тастыкталат.
3. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом жана автоматтык режимде иштеп жаткан фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу жолу менен даярдалат. Ошол токтомдун көчүрмөсү укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшү ачылган адамга почта, тапшырык почта жөнөтүүлөрү боюнча же электрондук түрдө укук бузуулар субъектинин электрондук почтасына жөнөтүлөт, же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, мобилдик тиркеме же көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде уюлдук телефонуна СМС-билдирүү аркылуу жарыяланат.
4. Өзгөчө учурларда, ушул Кодекстин 21-главасында каралган укук бузуулар аныкталганда жана автоматтык режимде иштеген фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен аныкталган, ушул Кодекстин 508-беренесине ылайык алар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулган, укук бузган жактарга карата кагаз жүзүндө же электрондук түрдө протокол түзүлөт. Иш боюнча андан аркы өндүрүш жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 233 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
520-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 октября 2025 года № 233 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
24.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнөтүлөт, же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик алынып салынды: порталы кошулду: порталы, мобилдик тиркеме же көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде … жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № алынып салынды: 27 Мыйзамынын кошулду: 27, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 233 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-520" title="520-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>