Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 24-октябры № 233 Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 520-берененин 3-бөлүгү "электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы" деген сөздөрдөн кийин ", мобилдик тиркеме" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 543-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"543-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу жана жөнөтүү
1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер (аныктамалар, протоколдор, токтомдор, тескемелер) өндүрүштүн катышуучуларына сот же ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан тапшырылат. Тапшыруу жеке өзүнө, "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тапшырык почта жөнөтмөсү аркылуу же электрондук түрдө жүзөгө ашырылат.
2. Укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча документ ага карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга, же болбосо анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине, ошондой эле ага карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча документ түзүлгөн адам катталган жерде жашаган башка адамдарга жеке тапшырылган учурдан тартып тапшырылды деп эсептелет.
3. Ага карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга кошумча билдирүү максатында электрондук документ электрондук почтанын дарегине же болбосо СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Мындай жөнөтүү маалыматтык мүнөзгө ээ жана документти расмий тапшыруу фактысы болуп саналбайт.
4. Электрондук документти жеткирүү жана аны башка электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү (маалымдоо) тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 82 (3738) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 25-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
Шилтеме берет (1)
- Почта байланышы жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 52