513-берене. Агайын техникалык каражаттар
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 53-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 июня 2026 года № 81
1. Метрологиялык сыноодон өткөн жана тиешелүү сертификаты бар өлчөөчү приборлор атайын техникалык каражаттар болуп саналат.
2. Жол кыймылынын эрежелерин же Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттар тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн атайын техникалык каражаттардын көрсөтмөлөрү укук бузуулар жөнүндө протоколдо жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдо белгиленет.
4. Атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтмөлөрү ушул Кодекстин 520-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдо чагылдырылат.
5. Мындай каражаттарды ыйгарым укуктуу органдын атайын транспорттук жана башка каражаттарында колдонууну кошпогондо, автоматтык режимде иштеген, укук бузууларды белгилөө үчүн фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттарды колдонууга тиешелүү жол белгилери милдеттүү түрдө орнотулган шартта жол берилет.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
513-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
05.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Атайын кошулду: Агайын техникалык каражаттар
1. Метрологиялык сыноодон өткөн жана тиешелүү … укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдо чагылдырылат.
5. алынып салынды: Фото, кино тартуу кошулду: Мындай каражаттарды ыйгарым укуктуу органдын атайын транспорттук жана алынып салынды: видео жазуу функциялары бар, кошулду: башка каражаттарында колдонууну кошпогондо, автоматтык режимде иштеген, укук бузууларды белгилөө үчүн кошулду: фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттарды колдонууга тиешелүү жол алынып салынды: белгилерин кошулду: белгилери милдеттүү түрдө алынып салынды: орнотуу менен кошулду: орнотулган шартта жол берилет.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-513" title="513-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>