1603-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун шарттары
Күчүндө · 28.10.2021 редакциясы
1. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.
2. Жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) көзөмөлдөө талаптарын аткарууга;
2) пробация органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
3) пробация органдарынын макулдугусуз жашаган, иштеген, окуган жерин алмаштырбоого;
4) пробация органынын уруксаты жок административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары чыкпоого;
5) пробация органынын уруксаты жок өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;
6) пробация органдарына өзүнүн жүрүш-турушу жана көзөмөлдөө талаптарын аткаргандыгы жөнүндө отчет берүүгө;
7) катталуу жана алдын алуу маегине катышуу үчүн, ошондой эле пробация органынын чакыруусу боюнча айына эки жолу келип турууга.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1603-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112305/st-1603" title="1603-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>