1604-берене. Жазанын аткарылышын кийинкиге калтыруунун тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 28.10.2021 редакциясы
1. Жазанын аткарылышын кийинкиге калтыруунун тартибин жана шарттарын жүйөлүү себептерсиз бузган учурда, пробация органы кайталап бузганда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө соттолгонго жазуу жүзүндө эскертет.
2. Эгерде соттолгон адам жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун тартибин жана шарттарын кайталап бузуп, мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбесе, баладан баш тартса же баланы тарбиялоо милдеттеринен качса, анын мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берилгенден кийин пробация органы сотко жазаны кийинкиге калтырууну жокко чыгаруу жана соттолгонду өкүм боюнча дайындалган жазаны өтөөгө жөнөтүү жөнүндө сунуштама киргизет.
3. Бала он төрт жашка толгондо же ал каза болгон учурда, пробация органы соттолгондун жүрүш-турушун, баланы тарбиялоого болгон мамилесин, жасаган кылмышынын мүнөзүн, өтөлгөн жана өтөлө элек жаза мөөнөтүн эске алуу менен сотко соттолгон адамды жазадан бошотуу жөнүндө же жазаны жеңилирээгине алмаштыруу, же болбосо аны эркиндигинен ажыратуу жайларына жиберүү жөнүндө сунуштама жөнөтөт.»;
83) 162-берененин 3 жана 5-бөлүктөрүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
84) 163-беренеде:
а) 3-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4 жана 5-бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмө формаларындагы «жашы жетелектер» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын;
85) 164-беренедеги «беш жылдан ашпаган мөөнөткө» деген сөздөр алып салынсын;
86) 165-берененин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
87) 166-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
– 1-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген» деген сөздөр «соттолгон пробация органына келген» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 4-пункттагы «өлкөнүн жана (же)» деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;»;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Соттолгон адам үчүн сот тарабынан белгиленген пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин, пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда жакшы натыйжаларга жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын ордун толугу менен толтурганда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама жиберүүгө укуктуу. Сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруудан баш тарткан учурда пробация органынын кайталап берген сунуштамасы баш тартылган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин жөнөтүлөт.»;
88) 167-беренеде:
а) аталышындагы, 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү «Жашы жетелектерге», «жашы жетелектердин», «жашы жетелекти» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «Балдарга», «балдардын», «баланы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Соттолгон бала үчүн сот тарабынан белгиленген пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин, пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда жакшы натыйжаларга жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын ордун толугу менен толтурганда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама жиберүүгө укуктуу. Сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруудан баш тарткан учурда пробация органынын кайталап берген сунуштамасы баш тартылган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин жөнөтүлөт.»;
89) 168-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Соттолгон адам мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген, ошондой эле көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди эки жана андан көп жолу бузган учурда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана соттолгонду дайындалган жазасын өтөө үчүн жиберүү жөнүндө сунуштама жиберет.»;
90) Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жатпаган мүлктөрдүн тизмегинин тиркемесинде:
а) 6-пунктундагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-пунктундагы «же жорук» деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1604-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112305/st-1604" title="1604-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>