1602-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартиби
Күчүндө · 28.10.2021 редакциясы
1. Жазанын аткарылышы кийинкиге калтырылган, он төрт жашка чейинки курактагы баласы бар соттолгондор жашаган жери боюнча пробация органдарынын көзөмөлү астында турушат.
2. Жазасынын аткарылышы кийинкиге калтырылган соттолгондор соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен пробация органдарына келүүгө милдеттүү.
3. Пробация органдары:
1) соттолгондордун эсебин жүргүзөт;
2) соттолгондорго жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;
3) балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусу менен соттолгондор тарабынан көзөмөлдүк талаптардын аткарылышын контролдойт;
4) соттолгондор тарабынан укуктук ченемдердин сакталышы боюнча иштерди жүргүзөт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1602-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112305/st-1602" title="1602-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>