10-берене
Күчүндө · 28.10.2021 редакциясы
1. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин күчүнө кирген күнүнө карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана сотко чейинки өндүрүш органдарынын (анын ичинде өндүрүштөн токтотулган иштер жандандырылган учурларда) өндүрүшүндө турган кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштөр алардын өндүрүшүндө калат жана токтоосуз түрдө, токтомдун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринде каралган жосундар боюнча кайра квалификацияланууга тийиш жана кийин маалыматтар «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилет.
Мындан аркы тергөө жана процессуалдык иш-аракеттер кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомду чыгаруусуз, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык улантылат жана жүргүзүлөт, коркунучтуулугу аз кылмыштар боюнча тергөө бир айлык мөөнөттө, ал эми анча оор эмес, оор же болбосо өзгөчө оор кылмыштар боюнча – 2 айлык мөөнөттө аякташы керек. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык тергөө караштуулугу өзгөргөн учурда, кылмыш иштери тергөө караштуулугу боюнча бир айдын ичинде өткөрүлүп берилет.
2. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин алгач тергөө органдары тарабынан башталган атайын тергөө иш-аракеттери боюнча ыкчам издөө иш-чаралары аталган Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
3. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күндөн тартып, Кылмыш-жаза кодексинин 182, 252-258, 264-266, 323-335, 402-408, 409-416-беренелеринде каралган даярдалып жаткан кылмыштардын белгилери боюнча ыкчам издөө иш-чараларын «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацында, 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча улуттук коопсуздук органдары тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте жүргүзүлүүсүнө жол берилет.
Кылмыш-жаза кодексинин 182, 252-258, 264-266, 323-335, 402-408, 409-416-беренелеринде каралган даярдалып жаткан кылмыштар боюнча, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацында, 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча адамдын конституциялык укуктарын чектөөчү ыкчам-издөө иш-чаралары Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте тергөө судьясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Ушул бөлүктүн абзацтарынын жоболору тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары күчүнө киргенге чейин колдонулат.
4. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин алынган далилдөө чектери жөнүндө маселени чечүү Кодекс күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте аныкталат.
5. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин сотко чейинки жана (же) сот өндүрүшүнүн убагында колдонулган бөгөт коюу чараларынын, мүлккө камак салуу, кызмат ордунан убактылуу четтетүү чараларынын колдонулуусу алар узартылган, өзгөртүлгөн же жокко чыгарылган учурга чейин уланат. Андан кийинки узартуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
6. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген учурда сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн кылмыш иштери, мындан аркы тергөө жана процессуалдык иш-аракеттер 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексине ылайык улантылат жана жүргүзүлөт, ошондой эле соттук териштирүү да 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексине ылайык жүргүзүлөт. Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун шарттары аткарылбаган учурда, мындан аркы тергөө жана соттук териштирүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык жалпы тартипте жүргүзүлөт.
7. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген учурда соттун өндүрүшүндө турган кылмыш иштери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык каралууга жатат. Мында соттук териштирүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген учурда турган баскычтан тартып улантылат. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген негиздер боюнча прокурорго кылмыш иштерин кайтарып берүүгө жол берилбейт.
8. 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексине ылайык сот тарабынан прокурорго кайтарылып берилген кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш, андан аркы тергөө амалдары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
9. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынган жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күнгө карата мыйзамдуу күчүнө кирбеген сот чечимдери (өкүмдөр, токтомдор, аныктамалар) апелляциялык тартипте жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин колдонулуп келген мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.
10. Түзөтүү мекемесинин түрүн аныктабастан эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жөнүндө соттор тарабынан чыгарылган жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күнгө карата мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөр боюнча түзөтүү мекемесинин түрү жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен аныкталат.
11. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күнгө карата жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын кароосунда турган түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жөнүндө материалдар соттук караштуулугу боюнча сотторго жөнөтүлүүгө жатат.
12. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынган жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күнгө карата мыйзамдуу күчүнө кирбеген, даттанылбаган сот чечимдери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте мыйзамдуу күчүнө кирет.
13. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин кылмыш иштери боюнча чечимдерге карата берилген апелляциялык, кассациялык даттануулар жана (же) сунуштамалар, ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген учурга карата каралып бүтпөгөн иштер улантылат жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте каралат.
14. Сот чечимдерин жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин келтирилген өтүнүчтөр жана (же) арыздар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин тартибинде каралат.
15. 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексине ылайык өндүрүшү башталган кылмыш иштери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин негизинде кыскартылышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Изин суутпай издөө иши жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 131 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112305/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>