Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 150
Жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү райондун аймагында:
1) аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция), мыйзамдардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын аткарылышын камсыз кылат;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын катышуусу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгат жана коллегиянын жактыруусуна киргизет, аны аткарууну уюштурат жана Министрлер Кабинетине отчет берет;
4) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
5) жарандардын укуктарынын сакталышын, анын ичинде балдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылат;
6) бюджеттик-финансылык, баа, тарифтик, инвестициялык, тышкы экономикалык, салыктык саясаттын аткарылышын камсыз кылат;
7) монополияга каршы жана атаандаштык боюнча бирдиктүү саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
8) социалдык-экономикалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын, жаштар саясатынын, маданият, көркөм өнөр, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңчилик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер ресурстарын башкаруу, архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
9) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылат;
10) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо боюнча чараларды көрөт;
11) улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашырууну камсыз кылат;
12) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле аларга өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын отчетторун угат;
13) консультациялык-кеңешүүчү органдарды түзөт;
14) эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзөт;
15) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасын жана башка сыйлыктарын уюштурат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;
16) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
17) аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат, мыйзамдарда белгиленген компетенциянын алкагында тиешелүү келишимдерди түзөт;
18) укук коргоо органдарынын ишин координациялайт;
19) өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашырат, ошондой эле тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары жайылган учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт;
20) этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
21) мыйзамдарда белгиленген тартипте өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда аймактык шайлоо комиссияларына уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтөт;
22) жер мыйзамдарына ылайык жерлерди бир категориядан башкасына которот;
23) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 17, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 16 января 2024 года № 17 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 455
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 214-т (Кыргыз Республикасынын калкына социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 02.05.2023 · № 214-р
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 19-февралындагы № 01 "Райондук деңгээлдеги социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп…Приказ · 19.02.2024 · № 01
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 5-4 “Өрүктү айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 20.03.2025 · № 5-4
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 5-5 “Чоң - Өрүктү айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 20.03.2025 · № 5-5
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2025жылдын 20-мартындагы № 5-6 “Орто - Өрүктү айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 20.03.2025 · № 5-6
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 12-1 "“Көк - Дөбө айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө”" ТоктомуПостановление · 13.10.2025 · № 12-1
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 12-2 "“Чет - Байсоорун айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө”" ТоктомуПостановление · 13.10.2025 · № 12-2
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 13-1 "“Ананьево айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө”" ТоктомуПостановление · 28.10.2025 · № 13-1
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 13-2 "“Кароол - Дөбө айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө”" ТоктомуПостановление · 28.10.2025 · № 13-2
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 13-3 "“Жаркымбаев айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө”" ТоктомуПостановление · 28.10.2025 · № 13-3
- Ананьево айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 25.03.2026 · № 16-1
- Садыр Аке айыл амагынын 7(жети) айылдын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 05.03.2026 · № 28
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 16.07.2012 · № 114
- Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2024 · № 209
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-7" title="7-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>