Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-январы № 17
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын катышуусу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгат жана коллегиянын жактыруусуна киргизет, аны аткарууну уюштурат жана Министрлер Кабинетине отчет берет;";
2) 11-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 30-беренеде:
1-бөлүктө ", ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү райондук кеңештер" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 31-берененин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 35-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 38-беренеде:
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жергиликтүү кеңештердин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жүктөлөт.";
7) 40-берененин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 70-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 19-январындагы № 5 (3558) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 29-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123