68-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын милдеттүүлүгү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 134
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары өзүнүн ишин ушул аймактагы калктын атынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.
2. Жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, жарандардын жыйындарынын (чогулуштарынын), аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүгө тийиш эмес.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдерин менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары, коомдук бирикмелер жана жарандар аткарууга милдеттүү.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда башка органдардын карамагына берилген маселелерди кароого кабыл алууга укуксуз.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
(КР 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
68-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 134 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, жарандардын алынып салынды: курултайларынын, жыйындарынын (чогулуштарынын), аймактык коомдук өз алдынча башкаруу … жана жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
кошулду: (КР 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-68" title="68-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>