47-берене. Мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2024 года № 156
1. Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери аким тарабынан дайындалат. Бишкек, Ош шаарларынын жана областтык маанидеги шаарлардын мэрлери Президент тарабынан дайындалат.
Шаарлардын мэрлери кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Президент тарабынан аныкталган тартипте дайындалат.
2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
Мэрдин ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү же акимдин же Президенттин алмашуусу менен байланыштуу эмес.
3. Төмөнкүдөй учурларда райондук маанидеги шаардын мэри - аким тарабынан, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын жана областтык маанидеги шаарлардын мэрлери Президент тарабынан ээлеген кызматтарынан бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;
9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) кабын алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка алардын иши шайкеш келбеген учурда;
11) ишеничти жоготкондо;
12) тараптардын эринен көз каранды эмес жагдайлар боюнча.
4. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт. Мэрдин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт.
(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мэрлери Президент тарабынан дайындалат.
Шаарлардын мэрлери алынып салынды: шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлардын муниципалдык кошулду: кадрлар резервинде алынып салынды: (мындан ары - муниципалдык резерв) турган адамдардын ичинен кошулду: Президент тарабынан аныкталган тартипте дайындалат.
алынып салынды: Муниципалдык резервге киргизүү үчүн конкурсту өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштешинин тартибин Президент аныктайт.
2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
Мэрдин ыйгарым … жок болгон учурда мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт.
кошулду: (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (46)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 "Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына…Указ · 01.08.2025 · № 226
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү…Указ · 10.07.2023 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 164(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.Д.Мамасадыков, Н.А.Нарматова, Н.К.Кадырбеков…Распоряжение · 19.03.2024 · № 164-р
- КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.11.2021 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Арнабек уулу Азамат назначен мэром г. БалыкчиРаспоряжение · 11.10.2022
- Бакыт Шаршеев освобожден от должности мэра г. БалыкчыУказ · 28.09.2022
- Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалдыРаспоряжение · 20.01.2025
- Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалдыУказ · 23.01.2025
- Асилбек Маткалыков Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри кызмат ордунан бошотулдуРаспоряжение · 28.02.2025
- Фархат Алжамбаев Ысык-Көл облусунун Қаракол шаарынын мэри кызмат ордунан бошотулдуРаспоряжение · 28.02.2025
- Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалдыРаспоряжение · 28.02.2025
- Алтынбек Бектуров Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалдыРаспоряжение · 10.03.2025
- Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалдыРаспоряжение · 12.03.2025
- Максат Нусувалиев Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулдуРаспоряжение · 25.06.2025
- Алтынбек Эргешов Токмок шаарынын мэри болуп дайындалдыРаспоряжение · 25.06.2025
- Каныбек Адиев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалдыРаспоряжение · 27.06.2025
- Арнабек уулу Азамат Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулдуРаспоряжение · 02.07.2025
- Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалдыРаспоряжение · 02.07.2025
- Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулдуРаспоряжение · 14.07.2025
- Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалдыРаспоряжение · 14.07.2025
46 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-47" title="47-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>