46-берене. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209
1. Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 15 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
Областтык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат. Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";
2. Кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мэрдин кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө тийиш.
3. Төмөнкүдөй адам мэр боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;
2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;
3) республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, тиешелүү шаарда туулган;
4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
5) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
6) ушул бөлүктүн 61-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
61) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
62) ага карата ушул бөлүктүн 61-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ашырууга же муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
6) кошулду: ушул бөлүктүн 61-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу алынып салынды: бар.
(КР кошулду: бар;
61) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
62) ага карата ушул бөлүктүн 61-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № алынып салынды: 156 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-46" title="46-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>