Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Баткен облусун өнүктүрүү жаатында мамлекеттик иш
Күчүндө · 10.09.2021 редакциясы
Баткен облусун өнүктүрүү жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу иштери төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жаңы жерлерди өздөштүрүүнү, инфратүзүмдү жакшыртууну жана өнүктүрүүнү;
2) Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну, финансылык колдоону жана ишке ашырууну;
3) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлиндеги айырмачылыктарын кыскартууну;
4) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жашоочуларын иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатууну;
5) Баткен облусунун жаратылыш ресурстарын сактоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоону;
6) Баткен облусунун аймагында финансы секторун өнүктүрүүнү камсыз кылууну;
7) агрардык сектордо жана мал чарбасында инновациялык технологияларды колдонууну өнүктүрүүнү жана түрткү берүүнү;
8) Баткен облусунун калктуу конуштарынын жергиликтүү жашоочуларынын арасынан адистерди даярдоону, алардын квалификациясын жогорулатууну жана Кыргыз Республикасынын жаш адистерин чек арага жакын калктуу конуштарга тартуу үчүн шарттарды түзүүнү;
9) Баткен облусун өнүктүрүүгө тиешелүү республикалык программаларды, изилдөөлөрдү координациялоону жана финансылык колдоону;
10) Баткен облусунун табигый, техногендик жана эпидемиологиялык мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону жана алдын алууну;
11) коомдук жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарын жана чек ара кызматын чыңдоону;
12) Баткен облусунун калкын аскердик-мекенчилдикке даярдоо боюнча иштерди күчөтүүнү;
13) Баткен облусунун аймагынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциялануусун алдын алуу үчүн шарттарды түзүүнү;
14) Баткен облусуна туруктуу жашоо, чек арага жакын калктуу конуштардын санын көбөйтүү жана анда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын тартуу үчүн шарттарды түзүүнү;
15) жеке жана юридикалык жактарга чек арага жакын аймактарында чектеш сооданы жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү;
16) Баткен облусун өнүктүрүү жаатында башка милдеттерди чечүүнү.
Берененин тексти 10.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 492 "Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушу жөнүндө" токтомуПостановление · 09.09.2022 · № 492
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 508-т ("Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо - 2" долбоорун бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 28.08.2023 · № 508-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2025 · № 743
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112298/st-4" title="4-берене - Баткен облусунун статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>