Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 18-ноябры № 743 Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоо жөнүндө
Мектепке чейинки билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоодо мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47, 50-беренелерине, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары – типтүү ченемдер) 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү жана аткаруу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдары ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген типтүү ченемдерге ылайык бир балага/топко эсептелет;
2) эмгек акы төлөө фондуна чыгымдар ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн типтүү ченемдерге киргизилбейт жана жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык эмгек акы төлөө шарттары жана типтүү шарттар боюнча бекитилген тарификациялык тизмелер жана штаттык расписаниелер боюнча каржыланат;
3) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген типтүү ченемдерге киргизилбейт жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндөгү керектөө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү бюджеттин, ал эми мамлекеттик органдар тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланат;
4) бала багуу чыгымдары (канцелярия жана гигиена каражаттары менен камсыз кылуу) ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) эсебинен жүргүзүлөт, бала багуунун бир күндүк наркы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен биргеликте аныкталат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын/мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын атайын алыш-бериш эсептеринде топтолот;
5) мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо төмөнкүлөрдөн камсыз кылынат:
– республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден (бекитилген тарификациялык тизмелерге жана штаттык расписаниелерге ылайык эмгек акы төлөө фонду);
– жергиликтүү бюджеттен (педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын күтүү чыгымдары);
– ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынан (бала багуу чыгымдары).
3. Типтүү ченемдер адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Тартиптин тиркемесинде аныкталган тизмеге ылайык райондордун жергиликтүү бюджеттеринен республикалык бюджетке өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мектепке чейинки билим берүү уюмдарына колдонулбайт.
4. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдери (Кыргыз Республикасынын…Нормативы · 18.11.2025 · № 743
- Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүү жана аткаруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Порядок · 18.11.2025 · № 743
- Ата энелер төлөмүн бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 17.04.2026 · № 49
Шилтеме берет (3)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Баткен облусунун статусу жөнүндөЗакон · 10.09.2021 · № 113