23-берене. Укук бузуулардын атайын алдын алуу объекттеринин укуктары
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Укук бузуулардын атайын алдын алуу объекттери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аларга карата алдын ала таасир этүү чараларын колдонуунун негиздерин билүүгө;
2) алар менен жүргүзүлген алдын алуучу аңгемелешүүлордүн протоколдору, расмий эскертүүнүн мазмуну, жекече алдын алуу планы менен таанышууга;
3) протоколдордун, расмий эскертүүнүн жана укук бузуулардын жеке алдын алуу планынын көчүрмөлөрүн алууга;
4) сотго укук бузуулардын атайын алдын алуу субъекттеринин чечимдерине даттанууга.
2. Алдын ала таасир этүү чараларын жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөөгө жол берилбейт.
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112231/st-23" title="23-берене - Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>