22-берене. Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы - бул укук бузуулардын атайын алдын алуу субъекттеринин укук бузуулардын атайын алдын алуу объекта менен укук бузууларды жасоосун алдын ала эскертүү жана жол бербөө жана ага алдын алууга таасир этүү максатында иштөө планы. Укук бузуулардын жеке алдын алуу планы укук бузуулардын атайын алдын алуу объектинин ыктыярдуу макулдугу менен иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат
2. Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы төмөнкүлердү камтыйт:
1) укук бузуулардын алдын алуу объектине анын жашаган, иштеген, окуган жери боюнча байкоо жүргүзүү чараларын;
2) үй-бүлө мүчөлөрүнөн, кошуналарынан, чогуу иштеген кесиптештеринен, педагогдордон жана мугалимдерден укук бузуулардын атайын алдын алуу объектинин жүрүм-туруму жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
3) жарандарды сурамжылоо;
4) сураштырып билүү;
5) укук бузуулардын атайын алдын алуу объектине психологиялык жана социалдык жардам алуусуна комок көрсөтүү;
6) укук бузуулардын алдын алуу боюнча коомдук жана билим берүү иш-чараларына катышуу.
7) Жашы жете элекке карата укук бузуулардын жеке алдын алуу планы анын ата-энесинин (же камкорчуларынын), педагогдордун жана психологдордун катышуусу менен түзүлөт.
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112231/st-22" title="22-берене - Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>