24-берене. Укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуу
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Укук бузуулардын виктнмологиялык алдын алуу болуп укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин конкреггүү адамдын укук бузуудан жабырлануучу болуу тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган алдын алуу чараларын көрүү боюнча иши саналат.
2. Укук бузуулардын виктнмологиялык алдын алуу чаралары болуп төменкүлөр саналат:
1) инсандын жеке, гендердик жана социалдык-психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укук бузуулардан жабыркагандарга карата алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
2) калкты, анын ичинде укук бузуулардан жабыркагандарды инсандардын ортосундагы чыр-чатактарды чечүү ыкмаларына үйрөтүү;
3) укук бузуулардан жабыркагандарды аныктоо жана коргоо боюнча чараларды көрүү;
4) укук бузуулардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген мекемелерди түзүү;
5) укук бузулардан жабыркагандардын дене боюнун жана психологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, ага өзүн өзү коргоонун мыйзамда каралган ыкмалары жана каражаттары жөнүндө маалымат береге багыгталган атайын комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
6) салыштырмалуу түрде көбүрөөк социалдык жат жүрүм-турум байкалган же укук бузуулар жасалган жайларды (аймактарды) системалуу контролдоо;
7) кол салуу учурунда коргонуу чаралары жөнүндө маалымаггарды кеңири жайылтуу жолу менен калкты укуктук жактан тарбиялоо жана окутуу;
8) социалдык жат жүрүм-турум, даярдалып жаткан, жасалуучу же жасалган укук бузуулар тууралуу маалымат алуу максатында укук бузуулардын алдын алууну түздөн-түз жүзөгө ашыруучу органдын же мекеменин алдында ишеним телефондорун, «тынымсыз байланышты», куткаруу кызматтарын уюштуруу;
9) алдын алуу программаларынын жана иш-чараларынын долбоорлорун жалпы талкуулоону уюштуруу, аларды өткөрүүдо көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктоо жана четтетүү максатында веб-сайттарды, блогдорду, чаттарды уюштуруу, интернет тармагында роликтерди жайылтуу;
10) виктимизация масштабдарын жана факторлорун, мамлекеттик органдар жана башка алдын алуу субъекттери тарабынан укук бузуулардан жабыркагандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын аныктоого багытталган виктимологиялык изилдөөлердү жүргүзүү жана виктимологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органдардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишин өркүндөтүү;
11) укук бузуулардын алдын алуунун заманбап методдору жөнүнде электрондук адабияттарды жайылтуу.
3. Укук бузуулардын виктимологиялык алдын алуу чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112231/st-24" title="24-берене - Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>