21-берене. Прокурордук чара көрүү актысы, расмий эскертүү
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109
1. Укукка каршы жосундар даярдалыг жаткандыгы тууралуу маалыматтар болгон учурда. укук бузуулардын алдын алуу максатында прокурор «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык прокурордук чара көрүү актысын чыгарат.
2. Укук бузууларды жасоонун алдын ала эскертүү максатында укук бузуулардын алдын алуу субъекта тарабынан укук бузууларды даярдоого же жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу жүзүндогү расмий эскертүү берилет.
3. Расмий эскертүү темөнкү жарандарга берилет:
1) мас абалында, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшошторду, ууландыруучу же башка маң кылуучу заттарды колдонуудан келип чыккан абалда жасалган укук бузуусу үчүн жыл ичинде кайрадан жоопкерчиликке гартылган;
2) үй-бүлө мүчөсүнө карата жасаган укук бузуусу үчүн жоопкерчиликке тартылган;
3) мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга. башка жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч туудурушу жана зыян келтириши же укук бузууларды жасоого алып келиши мүмкүн болгон жосундарды жасагандыгы тууралуу маалыматтарды алган.
4. Укук бузууларды атайын алдын алуу субъектинин кызмат адамы расмий эскертүү жарыялайт жана эскертүү чыгарылган адамга расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырат, анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
5. Расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн алгандыгы жана укуктары жана милдеггери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу расмий эскертүүнүн түп нускасында ага карата расмий эскертүү чыгарылган адам жана расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырган жана укуктарын жана милдетгерин түшүндүргөн кызмат адамы тарабынан тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
6. Эгерде ага карата расмий эскертүү чыгарылган жаран расмий эскертүүнүн түп нускасына кол коюудан баш тартса, расмий эскертүүнүн кочүрмөсүн тапшырган кызмат адамы бул тууралуу расмий эскертүүнүн түп нускасына жазуу жүргүзөт.
7. Расмий эскертүүнүн формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"Редакцияларды салыштыруу
25.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алдын алуу максатында прокурор «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы алынып салынды: жонүндо» кошулду: жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кошулду: конституциялык Мыйзамына ылайык прокурордук чара көрүү актысын чыгарат.
2. Укук … жазуу жүргүзөт.
7. Расмий эскертүүнүн формасы Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
кошулду: (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112231/st-21" title="21-берене - Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>