20-берене. Алдын алуу аңгемелешүүсүн жүргүзүүнүн тартиби
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Алдын алуу аңгемелешүүсүнө чакыруу жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.
2. Алдын алуу аңгемелешүүсү укук бузуулардын атайын алдын алуу субъектинин кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
3. Алдын алуу аңгемелешүүсүн жүргүзүүдө укук бузуулардын алдын алуу субъектинин кызмат адамы укук бузуулардын алдын алуу объектине анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
4. Алдын алуу аңгемслешүүсүно жакын тууганы, жактоочусу же аңгемелешүүго чакырылган адам тарабынан аныкталган ар кандай башка адам катыша алат.
5. Жашы жете элек менен алдын алуу ацгемелешүүсү мыйзамдуу өкүлдердүн катышуусунда гана жүргүзүлөт. Аңгемелешүүге педагогдор, психологдор жана кызмат адамы тарабынан чакырылган башка адамдар катыша алат.
6. Алдын алуу аңгемелешүүсүнүн узактыгы үч сааттан ашпайт.
7. Алдын алуу аңгемелешүүсү түнкү убакта жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
8. Алдын алуу аңгемелешүүсү укук бузууларды атайын алдын алуу субъектинин органынын имаратында жүргүзүлөт, аңгемелешүү укук бузуулардын алдын алуу объектинин жашаган же жүргөн, окуган, иштеген жеринде да жүргүзүлүшү мүмкүн.
9. Алдын алуу аңгемелешүүсүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт. Протоколдун көчүрмөсү аңгемелешүү жүргүзүлгөн адамга берилет. Эгерде алдын алуу аңгемелешүүсү жүргүзүлгөн адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, алдын алуу аңгемелешүүсүн жүргүзгөн кызмат адамы бул тууралуу протоколго жазат.
10. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары боюнча аңгемелешүү жүргүзүлгөн адамга прокурордук чара көрүү актыларынын бири чыгарылышы же расмий эскертүү берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112231/st-20" title="20-берене - Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>